Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы №191 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракети жөнүндө
ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясына ылайык иштелип чыкты, методологиялык жапа уюштуруу принциптеринин биримдигине негизделген администрациялык статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана таркатуу тармагында мамлекеттик статистика органдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракетинин тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) көрсөткүчтөрдүн, статистикалык формалардын, анкеталардын тизмесин жана курамын, статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана мезгилдүүлүк тартибин, ошондой эле ведомстволук статистикалык иштерди аткаруу үчүн керек болгон нускама-методикалык материалдарды макулдашуу жолу менен мамлекеттик органдардын статистикалык ишин координациялоону камсыз кылат.
3. Өз ара аракеттерин, өз ара байланыштар менен тажрыйба алмашууларын тереңдетүү үчүн мамлекеттик статистика органдары мамлекеттик органдар менен бирге таламдаш маселелер боюнча жумушчу топторду түзүү, семинарларды өткөрүү аркылуу шарттарды түзүшөт.
4. Администрациялык маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырышкан мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
- администрациялык статистикалык иштердин планын жыл сайын Улутстаткомго же анын аймактык органдарына берүүнү;
- администрациялык маалыматтарды чыгаруу үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөрдүн тизмесин жана курамын аныктоону;
- мамлекеттик статистика органдары тарабынан жарыяланган статистикалык көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүүнү;
- Улутстатком тарабынан бекитилген Статистикалык отчеттуулук формулярларын (бланктарды жана нускамаларды) түзүү жана тариздөө боюнча стандарттарга ылайык администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларынын жана аларды толтуруу боюнча нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгууну жана макулдашуу үчүн Улутстаткомго берүүнү;
- администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларынын бланкын жана аларды толтуруу боюнча нускамаларды көбөйтүүнү (Улутстатком тарабынан бекитилген мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формаларынан башка);
- жалпы кабыл алынган кыскартылган сөздөрдү, көрсөткүчтөрдү түзүүнүн дискреттик негизин колдонууну (таза отчеттук мезгил - ай, квартал, жыл ж.б.);
- администрациялык статистикалык иштердин тийиштүү түрлөрүн жокко чыгаруу же токтотуу жөнүндө мамлекеттик статистика органдарына маалымдоону;
- Улутстатком тарабынан бекитилген талаптардын стандарттарына ылайык методологиялык жоболордун долбоорлорун иштеп чыгууну;
- мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана эл аралык классификаторлорду (мындан ары - классификаторлор) милдеттүү түрдө колдонууну;
- ведомстволук реестрлерге киргизилген чарбакер субъектилердин идентификациялык белгилерин (аталышы, жайгашкан жери, ишмердиктин түрлөрү, менчик формасы ж.б.) Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик регистрине (СБЖМР) ылайык келтирүүнү;
- ведомстволук реестрлерди түзүүдө ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторун (ИУЖК) жапа тийиштүү мамлекеттик классификаторлорду пайдаланууну.
5. Улутстатком төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларынын жана аларды толтуруу боюнча нускамалардын долбоорлорун берилгенден кийин бир айдан кечиктирбей макулдашууну;
- администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларын, аларды толтуруу боюнча нускамаларды Башкаруучулук документтеринин мамлекеттик классификаторунда каттоону, коддорду ыйгарууну, аларды мамлекеттик жана администрациялык статистикалык отчеттуулуктун автоматташтырылган фондуна киргизүүнү жана аларды мамлекеттик органдардын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну;
- Мамлекеттик жана администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларынын табелин (тизмесин) жыл сайын түзүүнү, аны кагаз түрүндө жана электрондук түрдө тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберүүнү;
- администрациялык статистикалык отчеттуулук формаларынын жана аларды толтуруу боюнча нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга методикалык, уюштуруучулук жана башка көмөк көрсөтүүнү;
- мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик классификаторлорду жана аларга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну жана бекитүүнү координациялоону;
- классификаторлордун текстин (көчүрмөлөрүн) жана аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү кагаз түрүндө жана электрондук түрдө мамлекеттик органдарга таркатууну;
- классификаторлордун текстин www.stat.kg дареги боюнча Улутстаткомдун web-сайтында жайгаштырууну;
- классификаторлорду колдонуу жана пайдалануу боюнча окутуу семинарларын жана кеңешмелерди өткөрүүнү.
6. Бул жобонун талаптарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдар менен Улутстаткомдун ортосунда ведомстволор аралык эки тараптуу макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн, алар макулдашып жаткан тараптардын администрациялык статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, таркатуу маселелери жана алардын методологиясы боюнча милдеттенмелердин кыйла кеңири тизмесин теске салат.
|
|