Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын
4-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 85-06.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2006-жылдын 28-июну N 19/2
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамдын 24, 25 жана 49-3-статьяларына таянуу менен токтом кылат:
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кароого коюлган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду кийинчерээк расмий жарыялоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Коммерциялык банктар, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсы жана ЖАК "Кыргыз айылчарба Финансы Корпорациясы" рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтерин, ушул Жобо колдонууга берилгенден кийин, 2007-жылдын 1-январына чейин анын талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкарманын төрагасы |
| М.Алапаев |