КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июлу № 2018-П-12/30-3-(БС)
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын "2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- токтомго карата тиркеменин 2-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана банктарды лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "ЭкоИсламикБанк" ЖАКты, "Бакай Банк" ААКсын, "БТА Банк" ЖАКты, Кыргыз банктар бирлигин, Ислам финансы ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т. Абдыгулов |