Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-марты №201
"Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна жерлерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 20-беренелерине, "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 374,9 га жер участогун, анын ичинен 203,0 га - алыскы жайыттарды жана 171,9 га башка жерлерди "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара келишиминин шарттарында төмөнкүдөй мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- 2023-жылдын 16-январына чейин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2007-жылдын 16-январындагы N 921 М Е лицензиясына ылайык "Кеңсуу" вольфрам кенин иштетүү үчүн - 225,5 га;
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 24-январындагы N 1600 М Е лицензиясына ылайык "Трудовое" ("Ташкоро" участогу) калайвольфрам кенин иштетүү үчүн - 149,4 га.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн;
"Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен жер участокторго ижара келишимдерин түзүүнү;
- бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук, кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди, ошондой эле кен иштетүү иштери аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте иштеп чыгууну камсыз кылууга "Сарыжаз Минерал Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коомун милдеттендирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |