Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-ноябры N 67/9
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридикалык башкармалык расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облусттук башмармалыктарын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы |
| З. Асанкожоева |