Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2004-жылдын 25-ноябры N 30/5
(КР Улуттук банк Башкармасынын 14.06.2017-ж. № 2017-П-10/24-1-(НПА), 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамына таянуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунуш кылынган "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 14.06.2017-ж. № 2017-П-10/24-1-(НПА), 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Экономика Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 28-сентябрындагы N 25/1 ""Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндөгү" токтому жана Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы N 22/2 "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Экономика Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана "Эсептешүү-Сактык компаниясы" Ачык акционердик коомун тааныштырсын.
6. Коммерциялык банктар жана ААК "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, маалыматтардын квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" нускоо боюнча берилишин камсыз кылышсын.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 14.06.2017-ж. № 2017-П-10/24-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыяландыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Б.Ишенбаев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкарманын төрагасы |
| У.Сарбанов |