Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 2019-П-12/31-2-(НПА)
Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААК, "БТА Банкы" ЖАК, "ЭкоИсламикБанк" ЖАК, "БАКАЙ БАНК" ААК, "Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |