Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 6-апрели №217
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык округунун жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Военно-Антоновка айылдык округунун тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык округунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 60,4 га сугат айдоосун, анын ичинен 2,3 га жерди - мектеп жана бала бакча куруу жана 58,1 га жерди - жеке турак жай куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктураны жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |