Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели №221
Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №447, 2009-жылдын 15-июлундагы №455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын кант өндүрүү боюнча ички рыногун коргоо, Бишкек шаарында 2009-жылдын 2-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Альянс-Пром" жабык акционердик коомунун (Россия Федерациясы, Москва шаары) ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда (мындан ары - Макулдашуу) каралган милдеттенмелерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен классификациялануучу кантты ташып кирүүгө 89 миң 540 тонна көлөмүндө квота белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №447, 2009-жылдын 15-июлундагы №455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө квота тиркемеге ылайык көлөмдө бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №447 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги:
- бул токтомдо каралган иш-чаралардын Кыргыз Республикасындагы кант рыногу коньюнктурасына таасиринин мониторингин жүргүзсүн жана зарыл болгон учурда ички кант рыногундагы жагдайды оңдоп-түзөөгө багытталган чараларды көрүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- бул токтомдо каралган тышкы соода ишинин чаралары жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин секретариатына маалымдасын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы №447 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана күчүнө кирген күндөн баштап он эки айлык мөөнөттө колдонулат.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 токтомуна тиркеме |
Кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар жана кант өндүрүүдө ак кантты колдонгон ишканалар үчүн Кыргыз Республикасына ак кантты ташып кирүүгө КВОТА
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы №455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | ТЭИ ТН 1701 99 100 коду менен квалификацияланган, ак кантты ташып кирүү укугуна ээ болгон ишканалардын аталышы | Көлөмү (тонна менен) |
|
1 | "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому | 40000 |
|
2 | "Кошой" ачык акционердик коому | 40000 |
|
3 | "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коому | 4500(*) |
|
| Жыйынтыгы: | 84500 |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ №68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-июну УӨ №68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-июлундагы № 447 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 455 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-мартындагы № 123-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 111-б буйругу.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |