Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №223 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 223
Кабыл алынган
2009-жылдын 7-апрели
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
журнал "Нормативные акты Правительства КР" № 7-8 (340-341)
Реестрде
2009-жылдын 9-апрели

Реестрде

Минюст коду
80031

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция07.04.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 8-апрели №223

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны Асканов Аманжан Жактаевичке жеке менчик укугунда таандык 1,5 га сугат айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээси менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.