Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-апрели №246
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Жасалма дары каражаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Жасалма дары каражаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Жасалма дары каражаттарга каршы күрөшүүдөгү кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети көрсөтүлгөн Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу органдар болуп аныкталышсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |