Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-апрели № 2020-П-12/25-7-(НПА)
Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ), 2022-жылдын 31-мардындагы №2022-П-12/19-4, 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Банк тутумунун туруктуулугун сактоо жана экономикалык жигердүүлүктү колдоо үчүн банктардын ресурстарын мобилизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. "Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер" бекитилсин (кошо тиркелет).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары ушул токтомго ылайык классификацияланган активдер боюнча маалыматты Улуттук банкка ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата сунуштасын.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун талаптары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин" талаптары коммерциялык банктарга, депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компанияларына, кепилдик фонддорго жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына карата ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-12/27-4-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
6. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыгулов |