КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 27-апрели № 259
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортторун борбордоштуруп эсепке алуу жана берүүнү системага салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- 1998-жылдын үлгүсүндөгү мурда берилген Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорттору 2009-жылдын 1-июнуна чейин жарактуу".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
И.Чудинов |