КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-апрели №263
Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесинин үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесинин үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесинин үчүнчү бөлүгүн чечмелөө тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 45-беренесинин үчүнчү бөлүгүндөгү "пайлык акча" түшүнүгү офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн ашык кызматтын аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу системасынын мекемелери менен органдарынын, Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин, финансы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө пенсия эсептөө үчүн гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлчөмү аныкталуучу акча каражаттарынын суммасын билдирет.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана чечмеленген Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап пайда болгон коомдук мамилелерде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|