Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-майындагы № 278
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын калкына кайрылуусунда койгон милдеттердин, Экономиканын стратегиялык тармактарынын ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча программалардын жана концепциялардын аткарылышын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрындагы №723 «Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине мамлекеттик менчиктештирүү фондунан 20,0 млн. сом суммадагы акча каражатты кайра төлөнбөчү негизде комитеттин чыгымдарын жабуу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И. Чудинов |