Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 Жарлыгы менен бекитилген |
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү концепциясы
Ысык-Көл облусу ландшафттары өтө ар түрдүү болгон, деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан жана бардык тарабынан бийик тоо кыркалары менен курчалган, тоңбой турган көлдү курчаган кайталангыс жаратылыш түзүлүшү болуп саналат. Мындай абал көлдүн бассейнин катуу шамалдан коргойт, ал эми көп сандаган термалдык булактардын болушу өтө спецификалык климаттык системаны калыптандырат. Атап айтканда, Ысык-Көл бассейнинин экосистемасы Жердин глобалдык биосферасынын модели боло алат.
Дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастын объекти катары Ысык-Көлдүн экосистемаларынын кайталангыстыгы 1998-жылдын 25-сентябрында «Ысык-Көл» Биосфералык аймагын түзүүгө мүмкүндүк берди (»Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 623 токтому менен түзүлгөн).
2001-жылдан тартып «Ысык-Көл» Биосфералык аймагы Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бириккен улуттар уюмунун (ЮНЕСКО) Программасы тарабынан биосфералык резерваттардын Планетардык тармагына киргизилген, алар дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурас объекттерин жана кайталангыс экосистемаларды сактоо боюнча аймак катары түзүлөт. ЮНЕСКОнун патронаждыгы менен дүйнөнүн ири биорезерваттарынын бири болуп саналуу менен «Ысык-Көл» Биосфералык аймагы улуттук маанидеги өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймагынын статусуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти 2007-жылдын 19-сентябрында Кыргызстан калкына өзүнүн Кайрылуусунда Ысык-Көлдүн кайталангыс экологиясын сактоо чараларын иштеп чыгуу жөнүндө депутаттардын тобунун жана министрликтердин жетекчилеринин кайрылуусун колдогон, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Ысык-Көл облмамадминистрациясы демилге кылган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 74 буйругу менен «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.
Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы бүтүндөй алганда экосистема катары Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнү карайт, анда курчап турган чөйрөнүн жогорку сапаты, экономикалык өсүш жана калктын бакубаттуулугунун өсүшү камсыз кылынат.
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуунун актуалдуулугу Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү жана экосистемалык ыкманы иштеп чыгуу принциптерине ылайык келтирүү зарылчылыгынан келип чыккан.
Өз кезегинде бул тышкы жана ички коркунучтардын болушу менен шартталган.
Тышкы коркунучтар:
- Ысык-Көл облусунун энергия булактарынын импортуна жогорку даражадагы көз карандылыгы;
- Ысык-Көл облусунун эл аралык транспорттук коммуникацияларга кеңири чыга албагандыгы;
- глобалдык экономиканын өсүш темптеринин төмөндөшү, дүйнөнүн ири экономикаларындагы проблемалар;
- азык-түлүккө дүйнөлүк тартыштыктын өсүшү;
- климаттын глобалдык жана региондук өзгөрүшү.
Ички коркунучтар:
- «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын өзгөчө укуктук режиминин талаптарын этибарга албагандык, ал эми көп учурда билбегендик;
- регион өзүнүн азык-түлүгүнүн айрым түрлөрү менен камсыз болбогондугу;
- импорттун өсүшү экспорттун өсүшүнөн ашып кетиши;
- жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушу экономикалык жигердүүлүктүн сезондук мүнөзүнө көз карандылыгы;
- ички жана тышкы миграция.
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясынын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- облустун социалдык өнүгүшүнүн жогорку деңгээлине жана Ысык-Көл облусунун ар бир тургунунун мыкты курчап турган чөйрөдөгү жашоо сапатына жетишүү;
- атаандаштыкка кудуреттүү, ресурстарды үнөмдөгөн жана көп профилдүү инновациялык мүнөздөгү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө натыйжалуу кошулган экономикалык системаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн өнүгүшүнүн туруктуулугун сактоо жана колдоо.
Ысык-Көл облусу батышта Чүй облусу, түштүктө Нарын облусу, түндүктө Казакстан жана чыгыш менен түштүктө Кытай менен чектешет. Облустун аймагында дүйнөнүн эң бийик чокуларынын бири - Жеңиш (7439 м) жана Хан-Теңири (6995 м) чокулары жайгашкан. Жаан-чачындын деңгээли Балыкчы шаарынын аймагындагы 130 миллиметрден Казакстан менен чыгыш чек арадагы 1000 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Облус чөлдөр менен жамаатташ мээлүүн кеңдиктердин тилкесинде жайгашкан. Тоолуу рельеф жана Ысык-Көл климатка олуттуу таасир этет. Көлдүн бассейнинин аянты 22080 миң чарчы метрди, узундугу - 178 километрди, туурасы - 60 километрди, тереңдиги668 метрди, суунун көлөмү - 1738 куб. километрди түзөт. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан, Тянь-Шань тоолорундагы ири көл жана дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн бири болуп саналат.
Облустун аймагы 5 администрациялык-аймактык: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң, Түп райондоруна бөлүнөт. Облуста 3: Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары, шаардык типтеги 5 поселка, 64 айыл өкмөтү жана 181 айылдык калктуу конуш бар. Администрациялык борбору болуп Каракол шаары саналат.
Ысык-Көл облусу боюнча калктын саны 2005-жылы 430,8 миң адамды, 2006-жылы - 433,2 миң адамды, 2007-жылы - 434,9 миң адамды түзгөн. Калктын өсүшү 2005-жылга карата 1%га жакынды түзөт. Облустун калкынын 2/3 бөлүгү айыл жеринде жашайт.
2005-2007-жылдары региондук дүң продукт 2005-жылдагы 13096,7 млн. сомдон 2007-жылдагы 19709,6 млн. сомго чейин көбөйдү, 2005-2007-жылдары орточо көрсөткүч 16285,4 млн. сомду түздү.
Ички региондук продуктунун (ИРП) өсүшү 2005-жылы өнөр жай тарабынан 10198,2 млн. сом, 2006 жана 2007-жылдары тиешелүү түрдө айыл чарбасы тарабынан - 10573,9 млн. сом жана 13007,8 млн. сом көлөмүндө камсыз кылынды.
2005-жылдан тартып 2007-жылга чейин киши башына ИРПнын номиналдык өсүшү 49,3%ды түздү.
2005-2007-жылдардын ичинде чекене товар жүгүртүүнүн жана акы төлөтүп кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өсүш тенденциясына ээ болду: чекене товар жүгүртүүдө өсүштүн орточо темпи - 113,1%ды, акы төлөтүп кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 115,4%ды түздү. Капиталдык салымдар иш жүзүндө 3,9 эсе, 1,4 млрд. сомдон 5,3 млрд. сомго чейин көбөйдү.
Тышкы соода жүгүртүү өстү. 2005-жылы экспорт 7,2 млн. АКШ долларын, ал эми импорт 108,5 млн. АКШ долларын түзгөн болсо, 2007-жылы экспорт 14,2 млн. АКШ долларын жана импорт 184,2 млн. АКШ долларын түздү.
Импорт экспорттон он эседен ашык ашкан учурда өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 2005-жылдагы 10,2 млрд. сомдон 2007-жылдагы 9,3 млрд. сомго чейин төмөндөшү (Кумтөр алтын кенинин өндүрүшүнүн көлөмү азайышы менен байланышкан) жана минималдуу керектөө бюджетинин 1658,1 сомдон 2598,3 сомго чейин көбөйүшү болуп өттү.
Көрсөткүч | 2005-ж. Иш жүзүндө | 2006-ж. Иш жүзүндө | 2007-ж. болжолдуу, иш жүз. | Орточо көрсөткүч 2005-2007-жж. |
ИРП, млн. сом | 13096,7 | 16049,8 | 19709,6 | 16285,4 |
Реалдуу өсүш, % | 85,6 | 112,2 | 108,2 | 103,5 |
дефлятор, % | 106,8 | 109,2 | 113,5 | 110,3 |
ИРП (млн. АКШ доллары) | 358,8 | 439,7 | 540,0 | 446,2 |
Киши башына ИРП (миң сом) | 30,4 | 37,0 | 45,3 | 37,6 |
Номиналдык өсүш, % | 90,9 | 121,9 | 122,3 | 113,7 |
Өнөр жай (млн. сом) | 10198,2 | 8529,1 | 9330,6 | 9352,6 |
Иш жүзүндөгү көлөмдүн индекси, % | 78,9 | 62,9 | 99,7 | 81,0 |
КБИ (керектөө бааларынын индекси), % | 104,4 | 107,0 | 109,1 | 107,2 |
Чекене товар жүгүртүү (млн. сом) | 2778,6 | 3645,3 | 4414,5 | 3612,8 |
реалдуу өсүш, % | 105,4 | 123,6 | 109,2 | 113,1 |
баалардын индекси, % | 104,9 | 106,1 | 110,9 | 107,8 |
Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү (млн. сом) | 1003,2 | 1467,8 | 1657,8 | 1376,3 |
реалдуу өсүш, % | 100,4 | 134,0 | 108,1 | 115,4 |
баалардын индекси, % | 102,9 | 109,2 | 104,5 | 105,8 |
Айыл чарбасынын дүң продукциясы, (млн. сом) | 8147,6 | 10573,9 | 13007,8 | 10576,4 |
реалдуу өсүш, % | 92,7 | 102,3 | 105,0 | 100,9 |
баалардын индекси, % | 120,4 | 126,9 | 117,2 | 121,2 |
Капиталдык салымдар (млн. сом) | 1352,6 | 4283,5 | 5279,4 | 3638,5 |
Номиналдык өсүш, % | 170,9 | 316,7 | 123,2 | 205,1 |
Экспорт (миң АКШ доллары) | 7207,9 | 8820,1 | 14212,6 | 10080,2 |
Номиналдык өсүш, % | 92,1 | 122,4 | 161,1 | 133,4 |
Импорт (миң АКШ доллары) | 108487,7 | 185468,3 | 184208,8 | 159388,3 |
Номиналдык өсүш, % | 147,9 | 171,0 | 99,3 | 138,1 |
Социалдык көрсөткүчтөр |
|
|
|
|
Калктын саны (миң адам) | 430,8 | 433,2 | 434,9 | 433,0 |
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли, % | 8,4 | 8,1 | 8,0 | 8,1 |
Орточо айлык эмгек акы (сом) | 3296,2 | 4383,3 | 5000,0 | 4226,5 |
реалдуу өсүш, % | 144,2 | 124,3 | 104,5 | 121,7 |
Минималдуу керектөө бюджети | 1658,1 | 2419,6 | 2598,3 | 2225,3 |
Облустун кен казып алуу өнөр жайын Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенин өздөштүрүү боюнча республикадагы ири ишканалардын бири билдирет, ал дүйнөдөгү ири кендердин онунун катарына кирет.
«Центерра Голд Компани» ЖАК «Күрмөнтүцемент» АК (акиташ берүү), «Каухар-Таш» АК (темир-бетон буюмдарын берүү), «Сүт-Булак» АК (ишканада иштегендер үчүн сүт продукциясын берүү) сыяктуу жергиликтүү субподрядчыларды заказдар менен камсыз кылат. Мында «Центерра Голд Компани» ЖАКнын кирешелеринин көп бөлүгү кантсе да региондук эмес, жалпы мамлекеттик экономикага арналган.
Ысык-Көл облусунда башка кендер да табылган. Булар Жангарт жана Тоголок рудалык алтын кендери, ошондой эле Кеолу жана Эчкилиташ алтын кендери.
Ысык-Көл облусунун кыртыштарында калай, вольфрам, уран, молибден сыяктуу жана башка пайдалуу кендер бар. Облуста таш жана күрөң көмүрлөрдүн запастары бар.
Ысык-Көл облусунун керектөө түзүмүндө электр энергиясы 345 т.у.т. түзөт, анын ичинде: өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн - 97 т.у.т., айыл чарба муктаждыктары үчүн - 17 т.у.т, транспорттун иши үчүн - 70 т.у.т, коммуналдыктиричилик муктаждыктарына, анын ичинде калкка жөнөтүүгө - 160 т.у.т. Ысык-Көлдө электр энергиясын өзүнүн өндүрүүсү жылына 200,000 кВт. саатты түзөт.
Ысык-Көл облусунда 100дөн ашык жылытуу системасы иштейт. Эң ириси - кубаттуулугу 60 МВт болгон Каракол ТЭЦи, ал 1956-жылы курулган. Ысык-Көлдө борбордоштурулган жылуулук менен жабдуу системасы натыйжасыз болуп саналат.
Айыл чарба сектору Ысык-Көл облусунун экономикасынын маанилүү тармагы болуп саналат. ИРПда айыл чарба секторунун үлүшү 2007-жылы 25,0%га жакынды түзгөн. Облус негизинен дан эгиндерин, картошканы, жашылчаны, мөмө-жемиштерди өндүрүүгө адистешкен, алар республиканын башка региондоруна жана өлкөдөн тышкары экспорттолот. Соңку жылдары киши башына айыл чарба дүң продукциясын өндүрүү 17- 18 миң сомду түздү. Өндүрүлүп жаткан айыл чарба продукциясынын бүткүл көлөмүнөн облуста анын бир аз бөлүгү гана: дан эгиндердин20%ы, жашылчалардын 5-6%ы, мөмө-жемиштердин 10-12%ы, эттин 0,5-1%ы, сүттүн 20-25%ы кайра иштетилет.
Ысык-Көлдө туризмди, негизинен, отелдерде, менчик мейманканаларда жана конок үйлөрүндө эс алгандар келиши билдирет. Рекреациялык-ден соолукту чыңдоо туризми начар абалда. Региондо ар кандай химиялык курамдагы 53 минералдык-термалдык суу булактары жана дарылык ылай чыккан жерлер бар, алардын ар биринин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Иштеп жаткан курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери бардыгы болуп ушундай 9 булакты пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Чыгыш региондор аралык башкармасынын маалыматтары боюнча облуста курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемеси катары 25389 койка оруну бар 207 субъект, анын ичинде 3281 койка оруну бар жеке сектор иштейт.
Облуста транспорттун бардык: автомобилдик, темир жол, аба жана суу түрлөрү иштейт. Географиялык өзгөчөлүктөрдөн улам жүк жана жүргүнчү ташуунун кыйла бөлүгү автомобилдик транспортко туура келет. Автожол системасынын негизин ЫсыкКөлдү айланган жол түзөт. Жол Балыкчы-Бишкек темир жол линиясына жана андан ары КМШнын шаарларына, Бишкек-Торугарт автожолуна жана Чүй өрөөнүнө чыгууну, Казакстанга жана ал аркылуу КМШнын башка республикаларына чыгууну жана Нарын облусу аркылуу Кытайга чыгууну камсыз кылат.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу - 2855 км, алардын ичинен эл аралык маанидеги жол - 869 км, мамлекеттик маанидеги - 766 км, жергиликтүү маанидеги - 1220 км жол бар. Автомобиль жолдору көбүнесе канааттандырбаган абалда.
Облус үчүн темир жол тармагы маанилүү роль ойнойт, ал 1950-жылы Рыбачье станциясына чейин салынган. Анын узундугу облустун аймагы боюнча 50 км түзөт.
Ысык-Көл облусунун авиатранспорттук инфраструктурасы таптакыр канааттандырбаган абалда. Каракол шаарынын аэропортунун навигациялык жабдуусу, метеоприборлорунун паркы, учуучу-конуучу тилкелери, имараттары менен курулуштары жаңыланууну жана оңдоону талап кылат. Тамчы айылынын аймагында жайгашкан «ЫсыкКөл» аэропорту самолетторду кабыл алат, бирок учуу-конуу тилкелеринин техникалык шарттары кеңейтүүнү талап кылат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвесторду аныктоо жагынан маселени чечүүдө.
Мурда жүк ташуу көпчүлүк учурда суу транспортуна таандык эле. Азыркы болсо суу транспорт кызматынын кымбаттыгы, өнөр жай жагында активдүүлүктүн төмөндөшү жана суу кемелеринин техникалык жактан канааттандырбагандыгына байланыштуу аз керектелет. Порттогу курулуштар жарым-жартылай бузулган жана ажыратылган. Паркта сейилдөө суу кемелери аз жана экологиялык талаптарга ылайык келбейт.
Ысык-Көл облусунда байланыш кызматын монополиялык берүүчү болуп «Кыргызтелеком» ААКнын Ысык-Көл филиалы эсептелет. Ишкана жергиликтүү, шаар аралык жана эл аралык байланышты камсыз кылат, факсимилдик байланыштын, телеграфтын кызмат көрсөтүүлөрүн, коммутатордук жана бөлүнгөн линиялар аркылуу интернетке чыгууну камсыз кылат. Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында ADSL технологиясынын жабдуулары орнотулган.
Облуста 88 автоматтык, анын ичинде 12 шаардык жана 76 айылдык телефон станциялары орнотулган. Станциялардын орнотулган жалпы сыйымдуулугу 56164 номерди түзөт. Облус боюнча 100 адамга телефон жыштыгы 10,4 номерди, анын ичинде шаардык телефон түйүнүндө - 19,7 номерди, айылдык телефон түйүнүндө - 6,2 номерди түзөт. 181 калктуу конуштардын ичинен 16сында телефон жок.
Облуста 91874 окуучуга 194 мектеп, анын ичинде - 180 орто, 11 толук эмес орто, 3 - башталгыч мектеп иштейт. Мектептик билим берүү системасында - 7488 мугалим эмгектенет, 3801 балага 38 мектепке чейинки мекеме жана 11000 окуучуга 17 мектептен тышкаркы мекеме, ошондой эле 7 балдар билим берүү борборлору иштейт. 1500дөн ашык бала спорттун 15 түрү менен машыккан 8 спорттук балдарөспүрүмдөр мектептерине барат.
Облуста орто кесиптик билим берүүнү 6 техникум жана окуу жайы, ошондой эле 9 кесиптик лицей билдирет, алар 19 кесип боюнча жумушчу кадрларды даярдайт. Облустун лицейлеринде 2580 окуучу окуйт, инженердик-педагогикалык курам - 295 адам.
Ысык-Көл облусунда жогорку билим берүү чөйрөсүн 6 жогорку окуу жайы (ЖОЖ) билдирет. Каракол шаарында облустагы ири ЖОЖ - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети бар, ал 37 адистик боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн берет. Окутуучулар курамы - 396 адам, алардын ичинен 8 окутуучунун илимдин доктору деген, 68инин илимдин кандидаты деген илимий даражасы бар.
ЖОЖдун санынын кыйла өсүшү билим берүү сапатынын тиешелүү деңгээлин камсыз кылбайт. Мында гуманитардык кесип техникалык кесипке караганда кыйла басымдуулук кылат.
Облустун саламаттыкты сактоо системасында 7 үй-бүлөлүк медицина борбору, 54 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 118 фельдшердик-акушердик пункт, 5 райондук аймактык оорукана, Балыкчы шаарында шаардык аймактык оорукана жана облустук бириккен оорукана иштейт. Камсыз кылынышы10000 адамга 30 койка. Врачтар менен камсыз болушу төмөнреспубликалык көрсөткүч 24,2 болгон учурда 10000 адамга 16,2; орто медициналык персонал - республикалык көрсөткүч 58,0 болгон учурда 46,2.
Демографиялык структурада жаш муун басымдуулук кылат, бул эмгек ресурстарынын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өбөлгө түзөт. Бирок миграция калктын жалпы санынын өзгөрүшүнө кыйла таасир этет. Калктын тышкы жана ички миграциялык орун которуу процессинде анын эмгекке жарактуу бөлүмү кыйла жигердүү катышат: мигранттардын негизги үлүшү - булар эмгекке жарактуу курактагы адамдар (70%дан ашык), бул адамдык капиталды начарлатып жана облустун эмгек ресурстарынын жалпы потенциалын кыйла бузууда.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли төмөндөө тенденциясына ээ: 2005-жылы - 8,4%, 2006-жылы - 8,1%, 2007-жылы7,8%.
Ысык-Көл облусунун жаратылышты пайдалануу маселелери жана курчап турган чөйрөнүн абалы тынчсызданууну пайда кылат.
Ысык-Көлдө суунун сапаты көлгө агып келген суунун сапатына байланыштуу. Көлгө куйган дарыяларда темирдин, жездин, цинктин, коргошундун, кадмийдин жана башкалардын курамы табылган. Дарыя сууларында жездин концентрациясы, башка оор металлдардын концентрациясына салыштырганда, кыйла жогору. Ак-Суу дарыясына (Теплоключенка айылы), Тоң дарыясында (Тоң айылы), Барскоон жана Күрмөнтү дарыяларынын куймаларында жездин концентрациясы чек коюлган-жол берилген концентрациянын ченеминен 13-45 эсе ашат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биологиялык станциясы жүргүзгөн ихтиофаунанын абалына баа берүүнүн маалыматтары боюнча, Ысык-Көлдө балыктын запастары кейиштүү абалда. Бул өзгөчө балыктын эндемикалык түрлөрүнө - чабактарга жапа май чабактарга тиешелүү, алар мурда көлдүн жалпы промыслолук запастарынын 90%ын түзүп келген, ал эми мурда промыслолук мааниге ээ болгон Ысык-Көл жалтырак османы жана Ысык-Көл алабугасы сыяктуу эндемикалык түрлөр ушунчалык аз санда болгондуктан, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
Балык өстүрүүчү заводдордо иштер токтоп калгандыгынын айынан балык запастарын жасалма түрдө кайрадан өндүрүү кыйла кыскарган. Заводдор менчиктештирилип, жеке колго берилген жана көпчүлүк бөлүгү бузулган. Азыркы учурда Түркиянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (ТИКА) грантынын эсебинен Тоң мамлекеттик балык өстүрүүчү заводу үчүн жабдуу сатып алынды.
Соңку жылдардын ичинде Ысык-Көл акваториясына, бүткүл жээк зонасына, ошондой эле кайталангыс жаратылыш объекттерине (Григорьевка жана Семеновка коктулары, Көк-Жайык коктусу, Жети-Өгүз, Алтын-Арашан, Туз көл ж.б.) жүк кыйла көбөйдү. Анын үстүнө жүктүн көбөйүшү бул объекттерди регенерациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн адекваттуу финансылык компенсацияны албайт. Экологиялык чектөөлөрдү жана көлдүн экосистемасына антропогендик жол берилген жүктү этибарга албагандык, жерди пайдалануу жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу практикасынын так регламентинин жоктугу - ушулардын бардыгы Ысык-Көлдүн бардык экосистемаларынын тез бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Курорттук зонаны куруу жаратылыш мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлүүдө. Айыл чарба жерлерин жана айыл чарба жайыттарын трансформациялоо менен байланышкан көйгөйлүү кырдаал түзүлүүдө. Жаңы курулуштарга байланыштуу электр энергиясын керектөө өсүүдө, подстанцияларда авариялардын саны көбөйүүдө, аргасыз веердик өчүрүү практикасы киргизилүүдө.
Биологиялык ар түрдүүлүктүн абалы кооптонууну пайда кылат: токойлорду мыйзамсыз даярдоо жана кыюу, канаттуулар жана жаныбарлар жашаган жерлерде тынчсыздануу факторунун көбөйүшү, жергиликтүү калк жана туристтер тарабынан браконьердик. Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды системасыз жана контролсуз кырууну четтетүү максатында 2007-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облмамадминистрациясынын «Ысык-Көл облусунун аймагында жапайы жаныбарларды атууга мораторий киргизүү жөнүндө» № 294 токтому кабыл алынган.
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы социалдык-экономикалык өнүгүү муктаждыктарынын балансын камсыз кылууну карайт, мында облустун жаратылыш ресурстарын бузбастан жана кыскартпастан анын бул муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгү каралат.
Ысык-Көл облусу пайдалуу кендердин запастарына ээ. Бирок, кен казып алуучу жана кайра иштетүүчү өндүрүштөр интенсивдүү өнүккөн учурда кыска мөөнөттөгү келечекте курчап турган чөйрөнүн абалынын начарлашы ушунчалык олуттуу болгондуктан курчап турган чөйрөнү мурдагы абалына келтирүү бул өндүрүштөрдөн алынган экономикалык пайданын суммасына караганда кымбат болот.
Азиядагы эң ири тоо көлү болгон Ысык-Көл өзүнүн көлөмүнүн (1738 куб. км) жана бетинин аянтынын (6236 чарчы км) аркасында бүткүл көл кылаасы үчүн климатты түзүүчү кубаттуу фактор болуп саналат, айыл чарбасын жүргүзүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө дем берген салыштырмалуу стабилдүү жана мээлүүн климаттык кырдаалды түзөт.
Буга байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк өнүгүүнүн өзөктүү тобокелдиктерин (азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, ошондой эле финансылык кризис) эске алып, Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталган:
- курчап турган чөйрөнүн сапатын камсыз кылуу;
- энергия менен камсыз кылуу;
- айыл чарбасын жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү;
- туристтик индустрияны өнүктүрүү.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат, жаратылыш системаларын сактоо жана курчап турган чөйрөнүн жогорку сапатын колдоо үчүн негиз катары кызмат кылат. Экологиялык коопсуздук шарттарын сактоо улуттук, ошондой эле инвестициялык өнүктүрүү программалары жана эл аралык долбоорлор үчүн негизги принцип болуп саналат.
Учурдагы кырдаал. «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн көлдүн жаратылышынын, анын ландшафттарынын жана климатынын кайталангыстыгы негиз болуп саналат. Ысык-Көлгө 120дан ашык дарыялар жана суулар куят, бирок, көлдүн өзүнөн суу агып чыкпайт. Ысык-Көл ойдуңунун өзгөчөлүктөрүнөн улам жердин үстүндөгү жана жер астындага суулардын бардык түрлөрү (агын, тазаланган, табигый) акыр аягында тигиндейинен же мындайынан көлгө келип түшөт. Көлдүн суусунун жогорку сапатын сактоо Ысык-Көл экосистемасын сактоонун негизги шарты болуп саналат.
Ысык-Көлгө суунун өз алдынча тазаланышынын төмөнкүдөй үч табигый механизми мүнөздүү: (1) эндемикалык балыктардын (май чабак, чабак, алабуга, карп ж.б.), ошондой эле лещ жана сазан сыяктуу башка жырткыч эмес балыктардын жетиштүү санда болушу; (2) суунун табигый чыпкасы болуп кызмат кылган жээктеги токой-саз экосистемасынын болушу жана (3) цетрифуганы эске салган кол суусунун бүткүл көлөмүнүн табигый циркуляциялык алмашуусу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистеринин изилдөөлөрүнүн (2007-жыл) маалыматтары боюнча биринчи механизм (биогендерди жок кылган эндемиктердин болушу) балыктын эндемикалык түрлөрүнүн санынын кескин азайышынан улам бир жактуу бузулган. Экинчи механизм (жээктеги токой тилкелеринин болушу) туризмдин өнүгүшүнүн натыйжасында интенсивдүү бузулуу стадиясында турат. Үчүнчү механизмге (көл суусунун циркуляциясы) адам таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ошентип, облустун учурдагы экономикалык өнүгүүсү көлдүн акваториясынын экологиялык коопсуздугун коркунучка дуушар кылды.
Дарыя суусунун булганышынын антропогендик фактору курорттук жогорку активдүүлүктөрдөн улам жайкысын алда канча жогору. Жазында жана күзүндө азоттун курамдык компоненттери (нитраттар жана аммоний) негизги булгоочу болуп саналат, алар сугат жер участкаларынан эриген суулар менен агып келет. Шаарлардын, айылдардын жана санаторийлердин тазаланбаган саркынды суулары жай мезгилинде булгануунун негизги булагы болуп саналат. Дал жай сезонунда сууда фенолдор, оор металлдар жана мунай пайда болот.
Экономикалык активдүүлүктүн натыйжасында облустун сууларынын гидрологиялык табигый режими бузулат. Зор көлөмдөгү сууну керектөө дарыя сууларынын өз алдынча тазаланууга кудуретинин төмөндөшүнө, ландшафттын, аймактын түрүнүн, суунун сапатынын начарлашына жана башка кошумча терс натыйжаларга алып келет. Облустун дээрлик бардык айыл өкмөттөрүндө тиешелүү уруксат документи жок курулуш-материалдарынын жергиликтүү карьерлери бар. Ысык-Көл районунун аймагында эле курулуш материалдарынын 20дан ашык мыйзамсыз карьерлери бар («Каухар», «Мүрөк», «Көк ийрим» пансионаттарынын жанында). Орто-Кой-Суу, Кара-Ой дарыяларынын дээрлик бардык кургак нуктары шагылды жана кумду алуу орду болуп калган.
2008-жылдын жайкы туристтик сезону башталганга чейин Ысык-Көлдүн түбүн, Чолпон-Ата шаарынын шаардык пляжын, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийин, «Алтын кум» пансионатынын пляжын 30 миң кв.м аянтта тазалоо биринчи жолу жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн 3 тонна таштанды алынып чыкты жана ташып чыгарылды. Азыркы учурда облмамадминистрация көлдүн акваториясынын абалынын мониторингин жүргүзүүдө, анын натыйжалары боюнча көлдүн акваториясын суучулдар тазалай турган аймактар аныкталат.
Ысык-Көл облусунун аймагында 340 чарба жүргүзүүчү субъект, анын ичинде: 76 - май куюучу станция, 23транспорттук ишкана, 179саламаттыкты сактоо мекемеси, 35 өнөр жай ишканасы (анын ичинде: 8курулуш, 4 - жылуулук коммунэнерго ишканасы, 15 - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча) бар.
Азыркы учурда облуста 115 тазалоочу курулуш, анын ичинде курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринде - 98 курулуш бар, алардын ичинен 29 тазалоочу курулуш 2008-жылдын туристтик сезонунда иштеген эмес. Ысык-Көл районунда 77 тазалоочу курулуш бар, алардын ичинен 15иштебеген абалда, 8 - бузулган, 7 - жабылган. Соңку 10 жылдын ичинде 33 тазалоочу курулуш курулган, анын ичинде 13ү 2007-2008-жылдары орнотулган.
Ысык-Көлдүн курорттук зонасында, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында тазалоочу курулуштар моралдык жактан жана иш жүзүндө эскирген жана тез арада реконструкциялоого муктаж. Каракол шаарындагы тазалоочу курулуштар экологиялык жактан коркунучтуу объект болуп саналат жана Каракол дарыясынын сууну коргоочу зонасында Ысык-Көл тарапка эңиш болуп жайгашкан. Суу топтоочу көлмө жетиштүү тазаланбаган саркынды суулары менен булганган жана жаан-чачындын топтолушунан улам толуп кеткен, андагы суу кыйчалыштуу деңгээлден жогору турат.
«Кыргыз-Таңы», «Улан» жана «Көй ийрим» пансионаттарында саркынды сууларды тазалоо таптакыр жүргүзүлбөйт. Шаар суу каналынын канализациялык тармагына кошулган жаңы ден соолукту чыңдоочу мекемелердин, уюмдардын, кафелердин, жеке менчик мейманканалардын саны жыл сайын өсүүдө, бул борбордоштурулган тазалоо системасына кошумча жүк келтирүүдө.
Жабдууларды демонтаждоонун жана комплекттерден ажыратуунун айынан «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Байсоорун», «Күнөстүү жээк» санаторийлеринде, «Кырчын» турбазасында 5 тазалоочу курулуш, Григорьевка айылындагы балык заводунун тазалоочу курулуштары иштебейт жана авариялык абалда. Бостери айылындагы «Илбирс» пансионатынын тазалоочу курулуштарын куруу башталды, «Талисман», «Саламат», «Каприз» пансионаттарында тазалоочу курулуштарды куруу аяктоодо.
Ысык-Көлдө суунун сапатынын мониторингинин натыйжалары айрым жерлерде булгоочу заттардын жол берилген концентрациясынын чегинен ашып кеткендигин көрсөтүп турат. 2008-жылдын сезонунда бүткүл жээк боюнча санитардык жана экологиялык талаптарга жооп бербеген 20 курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемеге иштөөгө тыюу салынган.
2007-жылы суу менен жабдуу системаларын түгөлдөө жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө облуста жер астындагы булактарды пайдалануучу 500гө жакын скважина иштейт, скважиналардын негизги массасы Ысык-Көл облусунун ден соолукту чыңдоочу мекемелеринде турат. Облуста 239 суу түтүк системасы, анын ичинде 229у - жер астындагы булактардан, 10жер бетиндеги булактардан суу алат. 2000-жылдан тартып 2005-жылга чейин адекваттуу санитардык шарттарга жеткиликтүүлүгү бар калктын үлүшү 32,8%дан 23,9%га чейин азайган жана ушул деңгээлде 2008-жылга чейин сакталууда. Бул сууну агызуунун эскирген системалары иштен чыгышы жана суу менен жабдуу жана суу агызуу системалары менен камсыз кылынбаган жаңы курулуштардын пайда болушу менен шартталган.
Облуста 50 от-казан чарбасы бар, алардын ичинен 25 катуу отун, 3 суюк отун менен иштейт. Жылуулук менен жабдуунун азыркы системасы сакталган жана электр энергиясынын тартыштыгынын учурда аба чөйрөсү күйүүнүн продуктулары менен булганышынын процесси өсө берет. Ысык-Көл облусунда жыл сайын атмосферага 3 миң тоннадан ашык учуучу күл, күкүрт ангидриди жана азоттун кычкылдары чыгарылат.
Атмосфера абасынын булганышына автотранспорт алда канча үлүшүн кошот, анын саны жаз, жай жана күз мезгилдеринде кескин өсөт. Балыкчы Чолпон-Ата авто жолунун участкасында автомобилдерден чыккан газдардан углероддун эки кычкылынын зыяндуу саркындыларынын көлөмүнүн өсүш динамикасы тынчсыздандырат. Автомобилдин агымынын интенсивдүүлүгүнүн көбөйүшүнө байланыштуу Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) изилдөөлөрү боюнча, 2020-жылга карата СО(2) саркындылары дээрлик үч эсе 16,541 тоннадан 49,561 тоннага чейин көбөйүшү күтүлүүдө.
Соңку жылдардын ичинде көлдүн жээгинде автомобиль жууй турган жайларды чаржайыт куруунун өсүшү белгиленген, май куюучу станциялардын саны жана көлдүн сууну коргоочу тыюу салынган зонасына авто транспорттун массалык кириши көбөйгөн, пляждарды ыңгайлаштыруу үчүн жээктеги токой тилкелерин тазалоо практикасы кеңейүүдө.
Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын башкаруу жагынан кыйчалыш кырдаал түзүлүүдө. Ысык-Көл облусу боюнча калдыктарды чогултуу жана жайгаштыруу үчүн жооптуу болгон адистешкен ишканалар урбанизацияланган калктуу конуштарда (Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Бостери) гана иштейт. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер санитардык жана эпидемиологлялык талаптарга жооп бербейт жана парник газдары пайда болушунун, потенциалдуу коркунучтуу токсиндүү калдыктардын жер астындагы сууларга жана кыртышка инфильтрациясынын, ландшафттардын булганышынын, калктын ден соолугуна жана өмүрүнө тобокелдиктин көбөйүшүнүн негизги булактары болуп саналат.
Облуста коркунучтуу калдыктардын эки жайы бар. Бирөө Тоң районунун аймагында Кажы-Сай шаарчасында «Центральная» шахтасынын аянтында турат жана көлөмү 150 миң куб. метр болгон радиоактивлүү калдыктарды камтыйт. Бул жай экинчи категориядагы коркунучка кирет. Жер титирөөнүн жана эрозиялык процесстердин узак таасиринин натыйжасында бул жайдын бузулуу коркунучу бар, бул Ысык-Көл акваториясынын жана жээгинин радиоактивдүү булганышына алып келиши мүмкүн.
Кум-Төр алтын кен комбинатынын уу заттарды сактоочу көлөмү 40 млн. куб. м. болгон жайы Нарын дарыясынын баш жагында деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте Ысык-Көл биосфералык аймагынын ядросунун зонасында жайгашкан. Жылуулук тилкелеринин көтөрүлүшүнүн жана мөңгүлөрдүн эришинин натыйжасында же күчтүү жер титирөөдөн улам уу заттарды сактоочу жайдын бузулуу коркунучу бар, ал Нарын дарыясын пайда кылган тоо сууларына иштетилген циан пульпасы түшүшүнө алып келиши мүмкүн.
Ысык-Көл облусунда 154627 га сугат жер бар, анын ичинде 133766 га айдоо, 4522 га бакча, калктын үйүнүн жанындагы 12146 га участок жана 4193 га башка жерлер (токой аянттары, парктар, дача участкалары ж.б.).
Жер ресурстары ашкере пайдаланууга жана антропогендик таасирге дуушарланган бул бузулуу процесстеринин күчөшүнө жана алардын биологиялык жана экономикалык продуктуулугунун төмөндөшүнө таасир этүүдө.
Токойлорду кыюу, сазга айлануу, шор басуу, шор чыгуу жана эрозия жердин биологиялык азыктуулугун кескин төмөндөтөт. Чарба жүргүзүүнүн жагымсыз социалдык-экономикалык факторлору менен биригип келип бул продукциянын бирдигин алууда чыгымдардын өсүшүнө жана жердин экономикалык азыктуулугунун төмөндүгүнө алып келет.
Көлдүн жээк тилкесинде капиталдык курулуштун учурунда биринчи кезекте чычырканак жана камыш бадалдары жок кылынат, булар Ысык-Көлдүн табыгый чыпкалары болуп саналат.
Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоонун уланып жаткан процесси региондун азык-түлүк коопсуздугун коркунучка дуушарлантат, алсак, 1995-жылдан тартып 2714 га сугат айдоолору калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн бөлүнгөн, 4393 га айыл чарбалык эмес багыттагы объекттерге берилген. Кыртыштагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам 6382 га сугат айдоолор сазга айланган. Соңку он жылдын ичинде 11828 га сугат айдоо жүгүртүүдөн чыгарылган.
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 384,7 миң гектарды түзөт, облустун токойлуу аянты2,3%. Токойдун жалпы запасы - 12 млн. куб. метр. Облуста 6 токой чарбасы, 1 улуттук парк, 1 токойчулук, 2 мамлекеттик корук (аянты 72,08 миң га болгон Сарычат-Эрташ жана аянты 19,086 миң га болгон Ысык-Көл) жана жалпы аянты 300 миң га болгон 5 заказник бар. Ботаникалык жана гидрогеологиялык заказниктердин абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат, алар бүгүнкү күндө дээрлик ээсиз калган.
Жерди пайдалануунун өзгөчө режими бар аймак катары «Ысык-Көл» Биосфералык аймагында жерди пайдалануу жана жаратылышты пайдалануу маселелерин жөнгө салган бир катар мыйзамдар жана жоболор пайдаланылат. Мында мыйзамдардын айрым жоболору бири-бирине карама-каршы келет.
Жерлерди туристтик максаттар үчүн пайдалануу ар башка беш категория боюнча жүзөгө ашырылат: жайыттар, токойлор, шаардык жерлер, сууну коргоо зоналарынын жерлери жана атайын багыттагы жерлер. Мында биосфералык аймак катары Ысык-Көл облусунда жерди туруктуу пайдалануу боюнча зоналардын так чектери белгиленген эмес. Курорттук зонада жана ага жамаатташ аймактарда жерди кадастрдык эсепке алуу системасы жок. Улуттук маанидеги өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймагынын категориясына кирген Ысык-Көлдөгү тартыш жерлердин наркы кыйла жеткире бааланган эмес жана эл аралык практикада кабыл алынган нарктан орточо 20-30 эсе төмөн.
Көлдүн акваториясында жерди пайдалануу маселелери жээк линиясынын чектерин аныктоого байланышкан. Жээктеги зонаны куруу жана өнүктүрүү көл суусун тазалоонун табигый механизми бузулушуна тикелей коркунуч келтирет. Жээк линиясы туруктуу кыймылда болуп турат, ал эми 2000-жылдан тартып суунун деңгээли 3-15 сантиметрге туруктуу көтөрүлүүдө. Жээктеги зонада тургузулган инфраструктурага бара-бара реалдуу коркунуч пайда болушу мүмкүн. Бул Ысык-Көлдүн экосистемаларынын экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана инвестициялык тобокелдиктерди арттырат.
Бензин жана дизель отуну менен иштеген суу транспорт каражаттарынын санынын өсүшү кооптонууну пайда кылат. 2007-жылдын жайкы туристтик сезонунда 62 суу мотоцикли жана 16 кеме пайдаланылган, 2008-жылы болсо 75 суу мотоцикли жана 20 кеме иштетилген, алардын көп бөлүгү өз ишин уруксат берүүчү документсиз жүзөгө ашырган.
Ысык-Көлдүн ихтиофаунасынын абалы өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат. Ашынган браконьерлик жана балык үйүрүн жетишсиз өстүрүү балыктын запастары кыскарышынын себеби болуп саналат. Балык запастрын сактоо максатында 2008-жылы КР Президентинин Жарлыгы (2008-жылдын 10-январы, № 7) менен Ысык-Көлдө, Соң-Көлдө жана республиканын башка көлмөлөрүндө балык кармоого 2 жылдык мөөнөткө мораторий киргизилген.
Ысык-Көл облусунда бактарды жана бадалдарды өз бетинче кыюу, мыйзамсыз аңчылык кылуу, малды өз эркинче жаюу жана чөп чабуу фактылары орун алган. Мында жапайы жаныбарлар жашаган жана өсүмдүктөр өскөн жерлерди бузуу жүрүп жатат, бул ареалдардын майдаланышына жана кыскарышына, түрлөрдүн санынын жана кайрадан орду толушунун азайышына алын келүүдө, алардын өкүм сүрүшүнө коркунуч келтирүүдө.
Негизги көйгөйлөр:
- биосфералык аймактын укуктук жана өзгөчө статусунун сакталбашы;
- жаратылышты коргоо жана инженердик инфраструктуранын канааттандыраарлык эмес абалы;
- ихтиофаунанын оор абалы;
- эл аралык практикада кабыл алынган биосфералык аймактын жерлеринин баасына шайкеш эмес болгон жерлердин баасы.
Максат: «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн негизи катары экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- Ысык-Көл облусунун өзгөчө статусун эске алуу менен жаратылышты пайдалануу режимин жаратылышты коргоо мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү;
- жаратылышты коргоо жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо;
- балыктардын эндемикалык түрлөрүн көбөйтүү үчүн база түзүү;
- жер ресурстарынын баасын биосфералык аймактарга болгон эл аралык талаптарга ылайык келтирүү.
Күтүлүүчү натыйжа: Ысык-Көл облусунда курчап турган чөйрөнүн сапаты биосфералык аймактарга коюлуучу талаптарга ылайык келет.
Ысык-Көл облусунда энергетика жылуулук жана электр менен камсыз кылуунун түрдүү типтери менен берилген. Облуста керектөөчүлөрдүн жылуулук жана электр энергиясына жеткиликтүүлүгүнүн өзгөчөлүгү географиялык шарттар жана керектөөчүлөрдүн аймак боюнча бир кыйла алыс жашашкандыгы менен аныкталат. ЫсыкКөл облусунда энергияны колдонуу иштин тармактары жана түрлөрү боюнча диверсификацияланган эмес.
Энергияны көп талап кылуучу өндүрүштү жана Ысык-Көлдө энергияны колдонууну төмөндөтүү боюнча экономикалык дем берүүлөрдүн жоктугу жылуулук жана энергия менен камсыз кылуунун бардык системасын натыйжасыз кылууда.
Ысык-Көл региону - энергияга көз каранды облус. Отун-энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрүнүн структурасында Ысык-Көл облусуна: электр энергиясы - 100%га чейин, мазут - 100%, газ - 100%, бензин 100%, дизель отуну - 100% импорттолот. Көмүрдүн импорту 80%га жетет.
2008-жылга карата энергия өндүрүүнүн улуттук структурасында орду толуп туруучу энергетиканын үлүшү 0,17%дан ашкан эмес. Ысык-Көл облусунда альтернативалык булактардан (күн, биомасса, шамал, геотермалдык булактар, жерлердин жана көлмөлөрдүн жылуулугу, башка) жылуулук же электр энергиясы алынбайт.
Негизги багыттар боюнча отунду чыгымдоонун структурасында энергия ресурстарынын 90%дан көбүрөөгү түздөн-түз колдонууга чыгымдалат. Чыгымдалган отундун жана энергиянын жалпы көлөмүнөн болгону 9,5%ы аны энергиянын башка түрлөрүнө кайта өзгөртүп түзүүгө колдонулат.
Облуста электр менен камсыз кылуу толугу менен борбордоштурулган жана «Чыгышэлектр» бөлүштүрүүчү компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу үчүн облусту энергия ресурстары менен жарым-жартылай борбордоштурулган камсыз кылуу «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» компаниясы тарабынан ишке ашырылат (көмүр, жагуучу мазут). Көмүрдү, газды, бензинди жана дизель отунун децентралдаштырып алып келүү жана бөлүштүрүү менчик компаниялар тарабынан ишке ашырылат.
Жылуулук жана энергия менен камсыз кылуунун калыптанып калган системасы облустун экономикасын энергиянын бардык түрлөрү менен камсыз кылууга коркунуч туудурат, анын рентабелдүүлүгүн жана башкаруунун натыйжасын төмөндөтөт. Облуста болгон орду толуп туруучу энергиянын потенциалын колдонуунун эсебинен альтернативалык жылуулук жана энергия менен камсыз кылуу чөйрөсүн тездетип өнүктүрүү Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү үчүн реалдуу негиздерди камсыз кылышы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу борбордоштурулган энергия менен камсыз кылуунун республикалык системасына интеграцияланган. Электр энергиясы Нарын ГЭС каскадында иштелип чыгат жана «Ысык-Көл»' (Балыкчы ш.) чакан станциясына берилет. Облусту энергия менен камсыз кылуу көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин бойлой «Пржевальск» (Каракол ш.) чакан станциясына чейин электр өткөрүүнүн эки линиясы боюнча ишке ашырылат, ал линиялар шакекче болуп биригишет.
Электр энергиясынын түзүлгөн жетишсиздиги жана пландуу (авариялык) өчүрүүлөр бардык чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ишине тоскоолдук кылууда. Эскирген жабдуулар, электр энергиясына төлөө боюнча карызкорлордун көбөйүшү, электр тармактарына мыйзамсыз кошулуулардын көбөйүшү өтө күч келүүнүн пландалбаган өсүшүнө жана жабдуулардын иштен чыгышына алып келүүдө.
2007-жылдын жыйынтыгы боюнча электр тармактарында (коммерциялык жана техникалык) жалпы жоготуулар 38,9%ды түздү. Акыркы үч жылда (2005-2007-ж.) ЫсыкКөл облусуна электр энергиясынын келишинин өсүшү 104,3%ды түздү. Электр энергиясына төлөмдөрдү чогултканда жалпы пайызы 80%дай, дебитордук карыз бул мезгилде 16,1%га же 45,1 млн. сомго өстү жана 2007-жылы 325,1 сомду түздү.
Облуста электр энергиясын колдонуу структурасынын өзүнүн өзгөчөлүгү бар жана өтө күч келүүнүн эки мезгилин түзөт - жайында жана кышында. Кышкы күч келүү жылытуу мезгилинде түзүлөт, жайкысыкурорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин электр энергиясын колдонуусунун өсүшүнө байланыштуу болот.
Жайкы мезгилде курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери облуска келүүчү бардык электр энергиясынын көлөмүнүн 30%ына чейин колдонот. 2005-2007-жылдар мезгилинде курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери тарабынан электр энергиясын колдонуунун өсүшү 135%ды түздү.
Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги (ЛСА) тарабынан жарыяланган алдын ала маалыматтар боюнча региондун экономикасын өнүктүрүүнүн жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин санынын өсүшүнүн натыйжасында электр энергиясынын пайдаланылышы 2010-жылга карата саатына 369,1 МВт. жана 2025-жылга карата саатына 410 МВт. болушу керек. 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун электр тармагында саатына 573,1 МВт. электр энергиясы берилген. Чегинен ашып кетүү ЛСА тарабынан божомолдоолорго каршы 155%ды түздү. Электр менен камсыз кылуунун альтернативасыз схемасында облус 2025-жылдын деңгээлинде күтүлүүчү электр энергиясын колдонуунун көлөмүнөн ашып кеткен.
Облуста электр энергиясын жеке өндүрүү саатына 0,2 МВт. ашпайт, ал бир жашоочуга бир жылда саатына болжол менен 0,5 КВт. түзөт, ошол эле убакта өлкөнүн масштабында 2007-жылы электр энергиясын пайдалануунун орточо деңгээли бир жашоочуга саатына 2,379 КВт. түзөт.
Электр менен камсыз кылуунун реалдуу колдонуудагы альтернативасы болгон учурда (кичи суу агымдары, күн энергиясы, биомасса энергиясы ж.б.) электр менен камсыз кылуунун жакшы өнүккөн системасы облустун электр энергиясына болгон муктаждыгын толугу менен канааттандырмак.
Азыркы учурда Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын жана Кытайдын окумуштуулары жана эксперттери тарабынан гидроэлектр станцияларынын каскадын куруу үчүн СарыЖаз дарыясынын потенциалын изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Менчиктештирүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди мамлекеттен ажыратуу процесси башталганга чейин облуста жылуулук энергиясын ысык суу жана буу түрүндө иштеп чыгаруу 225 кичи өнөр-жай жана жылуулук от-казандар тарабынан ишке ашырылган.
1985-1995-жылдары облустун жылуулук энергиясын орточо жылдык пайдалануусу (60%) өнөр-жайга жана 35%ыкоммуналдык-тиричилик муктаждыктарга туура келген. Азыркы учурда жылуулук энергиясын керектөөнүн структурасы түп-тамырынан бери өзгөрдү, азыркы мезгилде жылуулук энергиясынын дээрлик 75%ын калк, коммуналдыктиричилик сектор жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери колдонот.
Ысык-Көл облусунда болжол менен 100гө жакын жылытуу системасы иштейт. Каракол шаарында облустагы борбордоштурулган жылуулук жана электр менен камсыз кылуунун эң ири системасыкубаттуулугу 60 МВт. болгон «Жылуулук» КП иштейт. 1956-жылы курулган ТЭЦ көмүр отуну менен иштейт жана 51 көп батирлүү турак үйдү, бир катар мамлекеттик жана коомдук уюмдарды тейлейт.
Региондо жылуулук энергетикасынын өзгөчөлүгү анын экономикалык өнүгүшү (айрыкча айыл чарба багыты, ири өнөр-жай түйүндөрүнүн жоктугу, ден соолукту чыңдоо мекемелеринин өнүгүшү), курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин сезон учурунда иштеши жана курчап турган чөйрөгө катуу талаптар менен белгиленген.
Облустун борбордоштурулган жылуулук менен камсыз кылуу системасы абоненттердин жетишсиз санынын, отундун кымбаттыгынын жана бөлүштүрүүчү тармактарда чоң жоготуулардын айынан натыйжасыз. Жабдуулардын эскириши кеминде 80%ды түзөт. Электр энергиясын колдонуунун эсебинен керектөөчүлөр тарабынан жылуулук энергиясын иштеп чыгаруунун көбөйүшү байкалууда.
Коммуналдык энергетика дотациялык тармак болуп саналат. Калк үчүн мамлекет тарабынан белгиленген жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылууга тарифтер жылуулук энергиясын иштеп чыгаруунун өздүк наркынын болгону 15-20%ын жабат. 2007-жыл үчүн бул субсидиялар 115,0 млн. сомду түзгөн. Мындай субсидиялардын аркасында от-казандардын техникалык абалы от-казандарды иштетүү үчүн минимумалдуу зарыл болгон деңгээлде турат. Керектөөчүлөрдө жылуулук энергиясынын эсептегичтери жок, ал аны натыйжалуу контролдоого мүмкүндүк бербейт.
Жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу үчүн энергия ресурстарын борбордоштуруп берүү облустун болгону төрт калктуу пункту: Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарлары, Бостери айылы үчүн ишке ашырылат. Каракол шаарында борбордоштурулган жылуулук берүү турак жай фондунун болгону 26%ын камтыйт, бул өлкө боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.
Башка калктуу конуштар үчүн жылуулук энергиясы жеке мештер, электр котелдору жана кичи от-казандар менен иштеп чыгарылат, аларда отун катары таш көмүр, электр энергиясы жана мазут пайдаланылат. Алардын жылуулук кубаттуулугу саатына 1,0 Гкал ашпайт, алар жыл сайын ысык суу түрүндө 0,7 млн. Гкал жылуулук энергиясын чыгарат. Өтө эскиргендикюн жана натыйжасы начардыгынан кичи от-казандар курчап турган чөйрөнү күл, күйгөндө учуучу заттар менен булгашат. Азот кычкылынын, ангидрид күкүртүнүн жана ыштын чыгышынын жалпы көлөмү жылына 15,000 тоннадан ашат. Жалпысынан Ысык-Көл ойдуңунда керектөөчүлөр 250,000 тонна көмүр жана 10,000 тоннадан көбүрөөк мазут жагат.
Менчик сектордо жылуулук энергиясын алуу үчүн калк отун жана тезек (кык) колдонот. Социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча Темир, Кашат жана Григорьевка (түндүк жээк) айылдарында жылытуу үчүн көмүрдү, отунду жана тезекти калк 60%дан 85%га чейин колдонот.
Облустун географиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу керектөөчүлөр отунду ташууга кошумча чыгым тартышат (50%га чейин). 2008-жылы Каракол шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 3000-5000 сомду, ошол мезгилде Балыкчы шаарында 1 тонна көмүрдүн чекене баасы 2800-4000 сомду түзгөн.
Жыл бою иштеген курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерин жылуулук менен камсыз кылуу (жайларды жылытуу) эреже катары, өздүк от-казандардан жана электр бойлерлерден ишке ашырылат. Көлдүн жээгиндеги дээрлик бардык мейманканалар жана отелдер ысык суу менен камсыз кылуу үчүн электр бойлерлерин колдонот. Кээ бирлеринде гана күн энергиясы колдонулат (мисалы, Кара-Ой айылындагы «Ак-Бермет» отелинде) - курорт мезгилинде ысык суу алыш үчүн корпустарынын биринин чатырында орнотулган вакуумдук типтеги гелиоталаа колдонулат.
Көптөгөн от-казандар авариялык, талкаланган абалда же аз натыйжалуу экендигин эске алуу менен акыркы жылдары жылдын суук мезгилинде үйлөрүн отун менен жылытуу жана тамак-аш жасоо үчүн бак-дарактарды кыюунун көлөмү өскөнү байкалууда. Жылуулук жана электр энергиясынын түзүлгөн жетишсиздик шарттарында облустун токой фондуна басым күчөй берет.
Облуста газ менен камсыз кылуунун борбордоштурулган системасы, магистралдык газ түтүктөрү жок. Мурда иштеген газ чарбасынын жана инфраструктурасынын көпчүлүк бөлүгү «Кыргызгаз» ишканасы тарабынан менчик ишканаларга ижарага берилген. Облустун кээ бир ири калктуу пункттарында калкты табигый газ менен камсыз кылуу үчүн жер астындагы инфраструктура сакталып калган (Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында, Бостери айылында). Бирок бөлүштүрүүчү системалар толугу менен калыбына келтирүүнү талап кылат.
Балыкчы шаарында автомобилдерге суюлтулган газ куюу үчүн АГНКСнын жер астындагы инфраструктурасы бар, ал толугу менен колдонулбайт. Газды мотордук отун катары пайдалануу аба бассейнин автомобилдин пайдаланылып бүткөн газы менен булгоо деңгээлин, өзгөчө курорт мезгилинде, бир кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Облустун аймагына суюлтулган газдын келишинин көлөмүнүн жана анын калктын колдонушунун статистикасы жок, анткени импорттун негизги каттоосу республикалык масштабдагы бажыканада ишке ашырылат. Суюлтулган газды чекене сатуу рыногунда облуста бир нече менчик компаниялар иштейт.
Ысык-Көл облусунда жеке керектөөчүлөр үчүн суюлтулган газга чекене баанын динамикасы алардын баасынын кескин өсүшү жөнүндө билдирет. 2005-жылдан 2008- жылга чейин баа килограммына 22 сомдон 42 сомго чейин өстү, баанын өсүшү дээрлик 100%ды түздү. 1 баллон газ үчүн орточо чекене баа 450 сомду түзөт. Ысык-Көл облусунда газдын жеке өндүрүшү жок.
Облуста энергиянын колдо бар орду толуп туруучу потенциалы дээрлик колдонулбайт - күн, шамал, суу энергиялары, суу агымдары, жерлер, биомассалар ж.б. Магнит электр станциялары, жылуулук насостору жана башкалар сыяктуу инновациялык технологиялар да колдонулбайт.
Күн радиациясынын жогорулашынын жана курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин иштөө мезгилинде жылуулукка күч келүүнүн өсүшүнүн графиктеринин кескин көрсөтүлүүчү жана убактысы боюнча дал келүүчү сезондуу мүнөзү күн энергиясын пайдаланууга ыңгайлуу. Күн жарыгынын максималдуу узактыгы июнь-август айларында байкалат, бул кезде күн жарыгынын ар күнкү үзгүлтүксүз узактыгы 10 сааттан ашат (үч айда 910-930 саат). Негизинен Ысык-Көлдө күн дайыма тийип турат.
Ысык-Көл облусунда жайында жер бетине тийген күн жылуулугунун саны кыш жана күз мезгилдеринде жер бетине тийген бардык күн жылуулугунан ашат. Ысык-Көлдө күн жарыгынын орточо жылдык узактыгы 2,800 сааттан ашат, ал эми күн радиациясынын жылдык болушу горизонталдык беттин 1 кв. м 1,2 Гкал түзөт, ал теория жүзүндө Ысык-Көл ойдуңунда 260 млн. Гкал чейин күн энергиясынан жылуулук алууга мүмкүндүк берет.
2004-жылга карата санаториялык-курорттук мекемелердин имараттарынын чатырынын жалпы аянты 140,000 кв. м көбүрөөк аянтты түзгөн. Бул аянттарды гелиопанельдерди орнотуу үчүн колдонгон учурда ушул мекемелердин керектөөлөрү үчүн 168,000 Гкал чейин жылуулук энергиясын алууга болмок.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Ысык-Көл облусунда фотоэлектр өзгөртүүчүлөрүн (фотовольтаж) колдонгон учурда борбордук электр тармактарынан электр энергиясын колдонууну үнөмдөө бир жылда саатына 10 млн. кВт чейин жетиши мүмкүн. Аларды колдонуу эскирген бөлүштүрүүчү электр тармактарынын ишин бир кыйла жеңилдетмек, авариялык өчүрүүлөрдүн деңгээлин төмөндөтмөк жана оңдоого кетүүчү чыгымдарды азайтмак.
Башка келечектүү багыт болуп жылуулук насосу принциптеринде курулган жогорку натыйжалуу жылуулук системасын колдонуу болуп саналат, алардын кеткен чыгымдарды акташы 3-5 жылдай мезгилди түзөт. АКШда жаңы коомдук имараттарды курууда геотермалдык жылуулук насостору колдонулат, бул ченем Федералдык мыйзам менен бекитилген. Стокгольмдо шаардын бардык жылуулугунун 12%ы жалпы кубаттуулугу 320 МВт болгон геотермалдык жылуулук насостору менен камсыз кылынат, алар жылуулук булагы катары суунун температурасы +8 град. С болгон Балтика деңизин пайдаланышат. 2008-жылга карата бүтүндөй республика боюнча да, ошондой эле ЫсыкКөл облусу боюнча да бир да жылуулук насосу орнотулган эмес.
Түрдүү минералдык жана температурасы 40-60 град. С болгон суусу бар геотермалдык энергиянын чыккан жерлери облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Запастары боюнча кыйла жеткиликтүү жана маанилүү болуп Ак-Суу жана Жыргалаң термалдык суу чыккан жерлер саналат, алар азыркы учурда бальнеологиялык максаттарда гана колдонулат. Геотермалдык энергияны өнөр-жайлык колдонуу өнүккөн эмес.
Чакан ГЭСтерди курууга жарактуу облустагы кичи суу агымдарынын потенциалы кубаттуулугу 1,528 млн. кВт болгон электр энергиясына бааланат. Аларда пайдаланууда саатына 13,4 млрд. кВт электр энергиясын иштеп чыгарууга болот.
Альтернативалык энергияны алуунун дагы бир булагы болуп биогаз технологиялары эсептелет, аларды иштетүү үчүн малдын кыгы жана органикалык калдыктар колдонулат. Ысык-Көл облусунда кыктын ар күнкү чогулушу болжол менен 762,000 тоннаны түзөт. Бул көлөм өздүк наркы тоннасына 200 сом болгон учурда болжол менен 720 тонна экологиялык таза жер семирткич иштетип чыгууга жетиштүү. Чийки заттын ушул эле көлөмүнөн өздүк наркы 1 куб. м 2,6 сом болгон учурда жыл сайын 30 млн куб. м көбүрөөк биогаз алууга болот.
Кошумча тазалоодо алынган биогаз электр энергиясын иштеп чыгарууга жарактуу. Тазаланган газдын өздүк наркы болжол менен 3 сом/куб. м түзөт, 1 кВт электр энергиясын чыгаруу үчүн ичинен күймө кыймылдаткычтан электр генераторун иштетүү үчүн чыгым болжол менен 0,6 куб. м түзөт.
Биогаз мотор отуну сыяктуу эле натыйжалуу. Анын баасы импорттолуучу мотор газынан болжол менен 4 эсе төмөн, ал эми мотор газынын баасы Кыргызстандын автомобилдик газ толтуруучу конденсатордук станцияларында (АГНКС) 1 куб. м 13 сомду түзөт. Анын иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү чийки заттын болушу отунду ташууга кеткен чыгымды бир кыйла төмөндөтүү менен өндүрүштүк кубаттуулукту түздөн-түз керектөөчүдө жайгаштырууга мүмкүндүк берет.
Биогазды мотордук отун катары пайдалануу автомобилдик сыртка чыгууларда зыяндуу аралашмалардын болушун 2-8 эсе азайтууга жана пайдаланып бүткөн газды тазалоого кошумча чыгымдарсыз эле Евро-2 стандартынын талаптарына ылайык келишине мүмкүндүк берет.
Биогаз технологияларын саркынды сууларды тазалоо үчүн да пайдаланууга болот. Биогаз жабдууларынын саны боюнча расмий статистика жок. «Флюид» коомдук фондунун маалыматы боюнча бүтүндөй Ысык-Көл облусу боюнча жеке үй чарбаларында болгону 12 биогаз жабдуулары орнотулган.
Негизги көйгөйлөр:
- жылуулуктун жана энергиянын бардык түрлөрүнүн сырттан келишинен облустун көз карандылыгы;
- учурдагы жылуулук жана энергия менен камсыз кылуу инфраструктурасына ашыкча жүк келиши жана эскириши;
- энергиянын альтернативалык булактарынан иштөөчү жылуулук жана энергия менен камсыз кылуу системаларынын жоктугу;
- калктын төлөөгө жөндөмдүүлүгү төмөн учурда энергия ресурстарынын баасынын кымбаттыгы;
- отун-энергетикалык комплексинин ишинин натыйжасында курчап турган чөйрөнүн сапатынын төмөндөшү.
Максат: Ысык-Көл облусунун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- бардык курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин жылуулук жана энергия менен камсыз кылуу инфраструктурасын энергиянын альтернативалык булактарын пайдаланууга өткөрүү;
- бара-бара керектөөчүлөрдүн калган категориясын энергиянын альтернативалык булактарын пайдаланууга өткөрүү;
- «Чыгышэлектр» бөлүштүрүүчү тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- көмүр жана мазут менен иштеген энергия менен камсыз кылуу системаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- ири калктуу пункттарда калкты газ менен камсыз кылуунун жергиликтүү системаларын реконструкциялоо жана пайдаланууга киргизүү;
- автомобилдик жана суу транспортторун бензиндин жана дизель отунун ордуна мотор газын пайдаланууга өткөрүү.
Күтүлүүчү натыйжа: Ысык-Көл облусунун энергетикасынын абалы социалдыкэкономикалык өнүгүүнүн өсүшүнө түрткү берет жана курчап турган чөйрөнүн абалына талап кылынуучу деңгээлди камсыз кылат.
Облустун агрардык секторунун өзгөчөлүгү жана өлкөнүн башка региондорунан негизги айырмасы биосфералык аймакта чарба режимин милдеттүү түрдө сактоодо Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган калкты да, ошондой эле келген туристтерди да тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу зарылдыгында камтылган.
Облуста негизинен дан өсүмдүктөрү, картошка, жер-жемиштер жана жашылчалар өстүрүлөт. Продукциянын дал ушул номенклатурасы республиканын башка региондоруна жана өлкөдөн тышкары экспорттолот.
Облус боюнча жалпы айдоо аянты 190,0 миң гектарды түзөт. Айдоо аянттарынын структурасында негизги орунду төмөнкүлөр ээлейт.
- дан өсүмдүктөрү 55,2%;
- картошка 18,4%;
- көп жылдык чөптөр 24,4%.
Облус республикалык көлөмдөн 12% эгин өстүрөт. Болжол менен 70 миң тонна дан эгини калктын тамак-ашына, 32 миң тоннасы үрөнгө кетет, 50 миң тоннасы облустан тышкары алынып кетет, калган бөлүгү болжол менен 20-25 миң тоннасы малдын тоютуна кетет.
Ысык-Көл региону картошканын ири жабдуучусу бойдон калууда картошканы өндүрүү республиканын дүң түшүмүнүн 41-45%ын түзөт. Дүң түшүмүнүн 50%дан көбүрөөгү же 200-220 миң тоннасы облустан тышкары алынып кетет. Облуста картошка негизинен кайрадан иштетилбейт.
Ысык-Көл облусу мөмөлүү жер жемиштерге бай келет. Республиканын мөмөлүү жер жемиштеринин жалпы аянтынын 20%ы Ысык-Көлгө туура келет. Мөмөлүү жер жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмү жылына болжол менен 40 миң тоннаны түзөт.
Колдо бар 190,0 миң га айдоо жерлеринин 154,6 миң гектары сугат жерлер болуп эсептелет. Облуста сугаруу жылдан-жылга начарлоодо. Сугат жерлеринин ирригациясынын начарлоосунун негизги себептери болуп аймакта табигый дренаждын жетишсиздиги, коллектордук-дренаждык тармактын башында эле жок болушу же бузулушу, сугаруу каналдарында чыпкалоодо сугат суусунун көбүрөөк коромжулугу, сугаруунун ченемделбеген режими саналат, ал жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашына жана кайтадан шордонуу процессинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. Ирригациялык тармактын эскириши болжол менен 65%ды түзөт. Ирригациялык тармактарды капиталдык оңдоого 20,0 млн. сом талап кылынган учурда жыл сайын 7-8 млн. сом бөлүнөт.
Сугаруу системасын жакшыртуу жана суунун табигый коромжулугун кыскартуу максатында бардык жерлерге тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, коллектордукдренаждык тармактарды куруу жана калыбына келтирүү, ошондой эле талаа коргоочу токой тилкелерин түптөөнү ишке ашыруу зарыл.
Акыркы жылдары мал чарба тармагында чочколордон тышкары (0,8%га томондогөн) малдын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2006-жылга салыштырмалуу 2007-жылы бодо малдын саны 7,3%га, кой 4,6%га, жылкы 5,9%га, канаттуулар 7%га көбөйгөн.
Талдоо көрсөтүп тургандай тиешелүү өнүгүүгө эт багытында артыкчылыктуу салттуу кой багуучулук ээ. Койлордун санынын көбөйүшү жана алардын асыл тукумдуулугунун жакшырышы менен келечекте кой этин экспорттоонун көбөйүшү күтүлүүдө. Эгерде 2006-жылдын 1-январына карата койдун саны 587,9 миңди түзсө, алардын ичинен 376,2 миңи тубар, 2008-жылдын 1-январына карата койдун саны 629,8 миңге чейин көбөйгөн, анын ичинен 416,0 миңи тубар. Тубар койдун саны 66,0%ды түзөт.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө чоң мааниге сүт берүүчү мал ээ болууда, анткени сүт калктын негизги киреше булагынын бири болуп саналат. Мында сүт иштеп чыгаруу боюнча заводдор маанилүү ролго ээ, алар продукцияны калктан сатып алат. Мында облус сырдын түрдүү сорттору түрүндө сүт продукциясын кайрадан иштеп чыгаруунун экспортеру болуп саналат. Ысык-Көл облусунун «Ак-Жалга», «Сүт-Булак» ишканалары сыр продукциясын экспорттоонун жалпы республикалык көлөмүнөн 50%ына чейин экспорттойт.
Жылкы өстүрүү акыркы жылдары жогорку кирешелүү тармак болууда жана ал саны тез көбөйүү темпи менен мүнөздөлөт. 2006-жылдын 1-январына карата жылкынын саны 63,8 миңди түзгөн, 2008-жылдын 1-январына карата 70,5 миңге чейин жетти, 6,7 миң башка көбөйгөн.
Облуста чочколордун санынын төмөндөө тенденциясы байкалган. 2006-жылдын 1- январына карата чочконун саны 13,2 миң болсо, 2008-жылдын башында 12,6 миңге чейин азайып кеткен. Негизги себеби болуп тоюттун (аралаш тоют, дан) баасы бир топ кымбаттаган учурда чочко этине баанын бир аз эле өсүшү саналат.
Коен, балык, канаттууларды өстүрүү сыяктуу мал чарбачылыгынын түрлөрү начар өнүккөн.
Баалуу тукумдагы балыктардын (форель, сига) чабактарын өстүрүү үчүн үч балык заводу бар. Балык өстүрүүнүн, анын ичинде эндемикалык балыктарды өстүрүүнүн садоктук ыкмасы жетиштүү өнүккөн жок.
Бал челектерди кармоо жогорку кирешелүү тармак болуп саналат. Ысык-Көлдүн кайталангыс тоолуу, экологиялык таза балы чет өлкөдө жогору бааланат. Облуста бал челек кармоону өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар. Мында адекваттуу ченемдикукуктук база зарыл жана балды өлчөө жана таңгактоо боюнча чакан ишканаларды түзүү зарыл.
Ысык-Көл облусунда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү жергиликтүү калктын продукциясынын негизги түрлөрү менен камсыз кылуу үчүн да, ошондой эле облустун пансионаттарын жана санаториялык-курорттук мекемелерин камсыз кылуу үчүн да зарыл, ал облуста туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн өтө маанилүү. Сүт продукциясын, консервацияланган жашылчаларды жана жер-жемиштерди, мөмөлүү жер-жемиштерди өндүрүү тармагы бар. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү багытында региондун өнүгүшүнө жараша кайра иштеп чыгаруу тармагынын продукцияларына суроо-талап да көбөйөт. Андан тышкары, облустун кайра иштеп чыгаруу ишканаларынын продукциялары республиканын башка региондоруна жана анын чегинен сырткары (Казакстан, Россиянын кээ бир региондору) алынып кетет. Келечекте регион шире сокторду, джемдерди экспорттоо көлөмүн көбөйтүүдө чоң потенциалга ээ.
Ысык-Көл облусунда айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүүгө айрыкча айыл жергесинде начар өнүккөн финансылык система тоскоолдук кылат. Ушуга байланыштуу айыл тургундарынын кредиттерге жеткиликтүүлүгү чектелүү. Бул кырдаал айыл чарбасында камсыздандыруу механизминин жоктугу менен татаалдашкан. Натыйжада фермерлер жана кайра иштетүү ишканалары кымбат баалуу кредиттерге чектелүү түрдө жете алышат жана ишканаларды өнүктүрүү, үрөндү жана жер семирткичтерди кошкондо сапаттуу чийки заттарды, ошондой эле айыл чарба техникасын сатып алууга финансылык каражаттары жок.
Ысык-Көл облусунда айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча маркетинг системасы дээрлик жок. Продукцияларды сатууну ортомчулар колго алган, алар товарды төмөнкү баа менен сатып алып, курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелерине сатышат жана облустан тышкары кыйла жогорку баада алып кетишет.
Облуста майда товардык дыйканчылыктын болушу агротехнологияны сактабагандыктын айынан жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн бузат. Айрым чарбаларда которуштуруп айдоо, эрозияга каршы иштерди жүргүзүү кыйла кыйыныраак, алар айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүн актоого жана жакшыртууга жардам бермек. Айыл чарба багытындагы жерлердин бир кыйла бөлүгү (айдоо жана жайыттар) суу жана шамал эрозиясына кабылган. Облустун айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгү жыл сайын төмөндөөдө. Бул көйгөйлөрдүн болушу азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтөт.
Агрардык өндүрүштө маанилүү көйгөй болуп айыл чарбасынын кайра иштетүү өнөржайы жана соода-сатык менен кооперативдик мамилелеринин өнүкпөгөндүгү эсептелет. Продуктунун акыркы баасында айыл чарба товар өндүрүүчүсүнүн үлүшү абдан эле аз, кирешенин эң көп бөлүгүн ортомчу структуралар алат. Натыйжада, мисалы, жашылчажемиш өндүрүшү үчүн чийки заттын (жер-жемиштер жана жашылчалар) баасы бир нече эсе өсөт. Ошол эле учурда облуста сатып алынуучу чийки заттын кымбаттыгынан жашылча-жемиштерди, эт жана сүт продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар токтоп калат.
Ысык-Көл облусунун агроөнөр-жай комплексин өнүктүрүүнүн токтотуучу факторлору болуп кадрдык проблемалар: адистердин жетишсиздиги, менеджменттин жетишсиз деңгээли, жаңы рыноктук структураларды түзүү жана иштетүү боюнча уюштуруу жана консультациялык иштердин потенциалынын төмөндүгү саналат.
Урук өстүрүү жана асыл тукум иштеринин начарлашы, айыл чарба техникасынын жана ишканалардын жабдууларынын эскириши, жогорку өндүрүмдүү технологиялардын жоктугу облустун азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч пайда кылышы мүмкүн.
Негизги көйгөйлөр:
- региондун өздүк азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү менен камсыз болбошу;
- агрардык-жер реформасынын алкагында чарбалык кылуунун кооперациялык формасынын жоктугу;
- айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жетилбеген системасы;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча учурдагы ишканалардын натыйжасыздыгы;
- учурдагы мелиорациялык-ирригациялык системалардын жетишсиздиги жана эскиргендиги;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча маркетинг системасынын жетиле өнүкпөгөндүгү;
- квалификациялуу кадрлардын кетиши жана натыйжада адекваттуу агротехнологияларды пайдалануу деңгээлинин төмөндүгү, урук өстүрүү жана асыл тукум иштеринин начардыгы.
Максат: айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү аркылуу облустун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр-жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дем берүү;
- ыктыярдуу негизде чарбалык кылуунун кооперациялык түрлөрүн түзүү;
- мелиоративдик-ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, суу чарбасынын өндүрүштүк фонддорун жаңылоо жана Суу пайдалануучулардын ассоциациясынын негизинде корпорациялык башкарууну суу чарба системалары менен өнүктүрүү;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу боюнча маркетинг системасын түзүү;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө билим берүүчү, консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүү боюнча жаңы структураларды түзүү жана учурдагыларын кеңейтүү;
- айыл чарба продукциясын ата мекендик кайра иштетүүчү ишканаларга сатууга багыттоо менен аларды кайра иштеп чыгуу боюнча чакан цехтердин тармагын түзүү.
Күтүлүүчү натыйжа: облустун агроөнөр-жай комплекси жергиликтүү калктын жана келип туруучу туристтердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.
Туризм Ысык-Көлдө - бул өзүнүн курамы жана айкалышы боюнча региондун кайталангыс географиялык жана жаратылыштык-климаттык шарттарын пайдаланууга негизденген социалдык-экономикалык иштин түрү.
Ысык-Көлдүн бийик тоолуу району деңиз суусу бар тоңбогон көлдүн таасиринде турган дарылык климатты жана эң сонун жаратылышты айкалыштырган жер шарындагы бирден-бир жер болуп эсептелет. Ысык-Көл Улуу Жибек жолунун ортоңку бөлүгүндө жайгашкан, Биосфералык корук статусуна ээ, ЮНЕСКОнун «Адам жана Биосфера» эл аралык программасына киргизилген. Дал ушунун өзү Ысык-Көлдөгү туризмдин бардык түрлөрүнө өзгөчө баалуулукту жана кошумча наркты берет жана анын дүйнөлүк туристтик продуктунун ассортиментиндеги ордун аныктайт.
Эл аралык авиа ташуучулар ассоциациясы (IАТА), Саякат жана туризм боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңеш (WТТС) жана ООНдун бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму (U№WTO) тарабынан түзүлгөн саякаттар жана туризм чөйрөсүндөгү (ТТСI) атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн ар жылкы дүйнөлүк рейтинги Кыргызстанга өтө эле төмөнкү бааны берет. Кыргызстан туристтик кызыктыруучулук даражасы боюнча анын бай туристтик ресурстары менен бирге 130 изилденген өлкөлөрдүн ичинен 113-орунда турат, «туристтик инфраструктура» жана «маданий ресурстар» сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча кыйла төмөнкү баа алынган. Россиялык туристтердин көз карашында Кыргызстан изилдөө баракчасына киргизилген 102 өлкөнүн ичинен 53-орунда турат.
Бүткүл дүйнөдөгү биосфералык аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан чарбалык иштердин көптөгөн түрүнө катуу мамлекеттик жөнгө салуу жана бекем чектөөлөр колдонулат. Улуттук мыйзамдардагы колдонулган чектөөлөргө карабастан чындыгында «Ысык-Көл» Биосфералык аймагында экономикалык иштердин бардык түрлөрү ишке ашырылат. Мындай практика Ысык-Көлдүн туристтик продуктыларына бурмаланган суроо-талапты түзөт жана «алдамчы күтүү натыйжасы» деп аталган натыйжаны жаратат, ал биринчи кезекте алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтерди жаңылыштыкка алып келет.
Рационалдуу мамиле кылууда туризм жогорку кирешелүү тармак болушу мүмкүн. Алсак, туристтик иштердин натыйжасындагы кирешелерден алынуучу салыктар АКШда - жылына 130 млрд. долларды, Японияда - 70, Германияда жылына 57 млрд. АКШ долларын түзөт. Туризм жогорку инвестициялык мультипликаторго ээ: салынган 1 АКШ долларына экономиканын башка тармактарында 4 доллар өлчөмүндөгү суммалык киреше туура келет. Ишке орноштуруу чөйрөсүндө туризмдеги 1 жумуш орду чектеш тармактарда 4 жумуш ордун түзүүгө алып келет.
Акыркы жылдары өлкөлөрдүн өңүтүндө Ысык-Көлгө келүүлөрдүн структурасы өзгөрдү, алыскы чет өлкөлөрдөн туристтердин келиши кыскарды. КМШдан келүүчү туристтердин үлүшү 80%га көбөйдү. Негизинен булар Россиядан (15%), Казакстандан (60%), Өзбекстандан (3%) келген туристтер. Туристтердин болжол менен 20%ын Кыргызстандын жарандары түзөт. Алыскы чет өлкөлөрдүн туристтери 1-2%ды түзөт. Эс алуучу туристтердин ичинде ышкыбоз-альпинисттер да бар. Ар кандай татаалдык категориясындагы белгилүү чокуларга чыгууда жана жүрүштөрдү жасоодо альпинисттердин жана туристтердин жоголуп кеткен жана убактылуу жок болгон учурлары катталган, ошондой эле Ысык-Көлдүн акваториясында адамдардын жоголуп кеткен учурлары да болгон.
2005-жыл үчүн салыктардын бардык түрлөрү боюнча облустун курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринен салыктык түшүүлөр 43,9 млн. сомду, 2006-жыл үчүн - 56,9 млн. сомду, 2007-жыл үчүн 108,2 млн. сомду жана 2008-жылдын 9 айы үчүн 101,6 млн. сомду түздү. 2008-жылы туристтик келүүлөрдүн жалпы кыскарышы белгиленген. 2008-жылы сезондун жыйынтыгы боюнча КМШдан келген эс алуучулардын 10%ы гана Ысык-Көлгө кайрадан келүүнү каалаганын билдирип, негизги себеби катары - кымбат эмес номерлердин жоктугун (суткасына $20-25) жана көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын кымбаттыгын аташкан.
«Бир гана жолу келүүчү өлкөгө» айлануу менен Кыргызстан жана анын негизги туристтик региону - Ысык-Көл КМШдан келген туристтердин негизги агымы эчак эле келбей калган Кипрдин жана Тунистин кейпин кийиши мүмкүн.
Туристтик тармактын менеджменти жана туристтик продуктунун маркетинги боюнча кесипкөй адистердин жоктугу, кадрларды даярдоо боюнча окуу жайлардын тартыштыгы жана кесиптик даярдоонун төмөнкү деңгээли, мунун бардыгы көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы жогору болгондо анын сапатынын төмөндүгүнө алып келет жана тышкы жана ички рыноктордо анын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.
Ысык-Көл облусунда туризм негизинен мейманканалык, мейманкана-клубдук, элиталык (виллаларды жана таунхаустарды сатуу) жана пляждык эс алуу түрүндө болот. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн ассортиментинде рекреациялык-ден соолукту чыңдоочу туризм абдан эле алсыз. Лыжа туризмин өнүктүрүүгө багыт алганын белгилөөгө болот.
Курорттук-ден соолукту чыңдоо, балдар, спорттук, экспедициялык-изилдөөчү, илимий, экологиялык туризм жана башкалар өзүн-өзү актабаган кичинекей үлүштү ээлейт жана улам кыскаруу багытына ээ. Көл кылаасында нөөмөттө 3050 баланы кабыл алууга эсептелген балдардын эс алуусу үчүн 14 лагерь гана калган. 2008-жылдагы сезондун жыйынтыгы боюнча 1970 баланы кабыл алуу менен 9 балдардын ден соолугун чыңдоочу мекеме гана толук иштеген.
КМШ өлкөлөрүндө Ысык-Көлдөй бальнеологиялык жана климаттык мүнөздөмөлөрү боюнча атаандаш жок, бирок Жети-Өгүз, Көгүлтүр Ысык-Көл, Теплоключенко сыяктуу белгилүү курорттордун суу жана ылай менен дарылоо абалдары республиканын кесиптик бирлигинин РКсынын жетекчилиги тарабынан жетишсиз контролдонуп жаткандыгын айгинелейт жана шашылыш реабилитациялоону талап кылат. 53 чалгындалган минералдык суу булактарынын жана дары ылайлардын ичинен курорттукден соолукту чыңдоо мекемелери тарабынан 9у гана пайдаланылат.
Мейманканалардын санынын негизсиз өсүп жатышы эң сонун ландшафттардын жана экосистемалардын олуттуу трансформацияланышына, инфраструктурага (автожолдорго, электр тармагына, тазалоочу курулмаларга) жүктүн өсүшүнө алып келет, табигый экосистемалардын жок болушу менен коштолот (пляждарды жайгаштыруу үчүн көл кылаасындагы токой тилкелерин тазалоо).
Ысык-Көлдү курорттун географиялык жана жаратылыштык-климаттык шарттарынын курамына жана айкалышына карата кайталангыс катары пропагандалоо боюнча иштер начар жүргүзүлүүдө. Анча көп эмес жакшы мисалдардын бирине акыркы он жылдын ичинде жыл сайын уюштурулуучу жана Ысык-Көлдүн дүйнөлүк туристтик рынокто кадырбаркын түзүүгө жана көтөрүүгө карата иштөөчү «Ысык-Көл» эл аралык туристтик жарманкесин киргизүүгө болот. Туристтерди WEB-сайттарга маалыматтарды жайгаштыруу, эл аралык туристтик жарманкелерге кеңири катышуу аркылуу тартуу, ошондой эле туризмдин экстремалдык жана башка түрлөрү үчүн жаңы туристтик аймактарды ачуу облуста туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн келечектүү багыты болуп калууга тийиш.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун, Ысык-Көлдүн айланасындагы автомагистралдын абалы, Кытайга, Казакстанга жана Россияга чыгуучу автомобиль жолдорунун сапатынын абалы жана башка жолдордун жоктугу саякаттар жана туризм чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк рейтингинде «туристтик инфраструктура» эл аралык көрсөткүчүн жогорулатууга жолтоо болууда.
Туристтик тармакты өнүктүрүү Ысык-Көлдүн экосистемасынын потенциалдык сыйымдуулугунун чектеринде жүргүзүлүшү керек. Алсак, япон эксперттери менен бирдикте аткарылган туристтердин жол берилген санын баалоо туристтердин жол берилүүчү чеги (реалдуу өнүктүрүү сценарийи учурунда) 2010-жылга карата - жылына 0,700 млн. жана 2025-жылга карата жылына 1,1 млн. болоорун көрсөттү. Мында ЫсыкКөлдүн экологиялык сыйымдуулугунун чектөөчү параметрлери боюнча (концентрациянын биологиялык көрсөткүчтөрү жана мунайзаттын концентрациялары боюнча органикалык булгануулардын болушу) туристтердин мындай саны төмөнкү талаптарды сактаганда гана болушу мүмкүн:
- көлдүн акваториясын бойлото туристтердин бардык санын бирдей бөлүштүрүү;
- саркынды сууларды биологиялык тазалоо жана пляж зонасына дааратканаларды куруу менен бүткүл туристтик комплексти каналдаштыруунун борбордоштурулган системасы менен камсыз кылуу;
- бензин жана дизель отуну менен иштөөчү бардык сүзүүчү каражаттарга тыюу салуу;
- бардык автомобиль токтотуучу жерлерди мунайзаттарды кармап калуу жана жыйноо системасы менен камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорунун адекваттуу сапатын камсыз кылуу, бул мунайзаттарынын көлгө келип түшүшүн кыйла азайтат.
Негизги көйгөйлөр:
- учурдагы жаратылышты коргоочу жана инженердик инфраструктуранын (жолдор, суу түтүк-каналдаштыруу системалары ж.б.) абалында Ысык-Көлдүн экосистемасынын сыйымдуулугунун чектүүлүгү;
- биосфералык аймактарда чарба жүргүзүүнүн укуктук статусун жана өзгөчө режимин сактабоо;
- туризмди өнүктүрүүгө комплекстүү ыкманын жоктугу;
- туристтик продуктунун өнүкпөгөндүгү;
- көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын наркынын алардын сапатына шайкеш эместиги;
- саякаттык туризм чөйрөсүндө ишенимдүү статистикалык эсепке алуунун жоктугу.
Максат: кеңири географиядагы кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен сапаттуу туристтик кызмат көрсөтүүлөргө чет өлкөлүк жана ички туристтердин муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү заманбап туруктуу жана атаандашууга жөндөмдүү туристтик комплекс куруу.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- жаратылыш коргоочу жана инженердик инфраструктураны реконструкциялоо, модернизациялоо жана колдонууга киргизүү (куруу);
- туристтик тармакты өнүктүрүүнү биосфералык аймактарга коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык келтирүү;
- туристтик тармакты өнүктүрүүгө комплекстүү ыкманы камсыз кылуу;
- Ысык-Көл үчүн салттуу жана жаңы туристтик иштердин түрлөрүн өнүктүрүү:
- көрсөтүлүүчү туристтик кызматтардын сапатын эл аралык деңгээлге чейин жогорулатуу;
- саякаттык туризмди жөнгө салуу жана аны өнүктүрүү саясатын аныктоо максатында кыдырып көчүп жүрүүчү туризм чөйрөсүндөгү статистикалык эсепке алууну өркүндөтүү.
Күтүлүүчү натыйжа: эл аралык стандартка туура келген, биосфералык аймактарга коюлуучу талаптарга ылайык иштөөчү заманбап, атаандашууга жөндөмдүү, жогорку рентабелдүү курорттук-туристтик комплекс түзүлдү.
Институттук система саясат, коррупциялашпаган институттук бийлик жана тийиштүү мыйзамдар аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө таасир тийгизет. Туруктуу өнүгүү көз карашынан алганда институттук системанын натыйжалуулугу анын экологиялык инновацияларды экономикага киргизүүнүн негизинде, ошондой эле адамдардын экологиялык аң-сезимин сапаттык жактан кайра куруу аркылуу экологиялык маселелерди чечүүгө анын жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
Бул максатка жетишүү улуттук, региондук жана глобалдык таламдарды чагылдырган артыкчылыктар канчалык туура аныкталып жана тизмектелгендигине жараша, бул артыкчылыктардын чегинде программаларды аткаруу канчалык ырааттуу жана натыйжалуу болгондугуна жараша ошончолук ийгиликтүү илгерилейт. Бул процесс кыйла даражада аны жүзөгө ашырууга жеке секторду жана жарандык коомду тартууга жараша болот.
Ысык-Көл облусу биосфералык аймактын статусуна ээ жана дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастардын объекттерин жана кайталангыс экосистеманы сактоо боюнча аймак катары түзүлгөн ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын Планетардык тармагына кирет. Бир эле учурда Ысык-Көл облусу туристтик индустриянын борбору болуп саналат, анын агрардык жана көп казып алуу сектору кыйла жакшы өнүккөн.
Биосфералык аймактын чек аралары Ысык-Көл облусунун администрациялык аймагынын чек аралары менен толук дал келет, бул социалдык-экологиялыкэкономикалык өнүгүүнү башкаруунун интеграциялык системасын түзүү зарылчылыгын шарттайт.
Ысык-Көл облусун интеграциялык башкаруунун өзгөчөлүктөрү колдо бар жаратылышты коргоо режимдерин ЮНЕСКОнун эл аралык тармактарына кирген биосфералык аймактар үчүн жаратылышты пайдалануунун базалык принциптерине коюу менен аныкталат.
Мындай өзгөчөлүктөр эл аралык тажрыйбада кабыл алынган чарбалык иштин түрлөрү боюнча чектөөлөр, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акылардын өлчөмүн жогорулатуу менен байланышкан.
«Экология - экономикалык өнүгүү» мамилелеринин чегинде карама-каршылыктарды адекваттуу чечүү зарылчылыгы башкаруунун өндүрүштүк-чарбалык жана социалдыкмаданий иш процессинде тарыхый жактан түзүлүп калган жаратылыштын тең салмактуулугун сактоону камсыз кыла турган деңгээлине чыгууну талап кылат.
Азыркы учурда башкаруу жагында иштеп жаткан система мындай карама-каршылыктарды чечүүнү камсыз кыла албайт. Мамлекеттик башкарууну реформалоонун жай баракат темпи туруктуу өнүктүрүү принциптерине негизделген башкаруунун альтернативдүү ыкмаларын колдонуунун начарлыгы менен байланышкан.
Регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнүн сапаты үчүн негизги жоопкерчиликти тарткан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын институттук потенциалы жеке бизнестин жана өнүктүрүү процессинин башка маанилүү катышуучуларынын потенциалы менен натыйжалуу байланышкан эмес.
Социалдык өнөктөштүктү алга илгерилеткен жана өз ара аракеттенүүдөн пайда алган ченемдик документтер, жол-жоболор жок. Секторлордун өкүлдөрүнүн ортосундагы мамиле өз ара потенциалды билбегендик, маалыматты начар алмашуу жана жабыктык менен мүнөздөлөт, бул жакшы тажрыйбанын механизмдерин жана ресурстарды (материалдык, интеллектуалдык, уюштуруучулук) алмашууну пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Муну менен удаалаш эле облуста облустук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Ысык-Көл» Биосфералык аймагынын Башкы дирекциясы түзүлгөн жана иштеп жатат. Ысык-Көл облусунда иштеп жаткан институттук системадагы «Ысык-Көл» Биосфералык аймагынын Башкы дирекциясы жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жагында пландарды жана программаларды аткарууну координациялоочу орган катары кабылданбай тургандыгын белгилей кетүү керек. Облустун биосфералык аймак катары өзгөчө статусу аймактык башкаруунун колдо бар схемасында чагылдырылган эмес, жаратылышты пайдалануу маселеси боюнча тармактык министрликтер менен ведомстволордун секторлор аралык өз ара мамилелеринин механизми жөнгө салынган эмес.
Ушуга байланыштуу биосфералык аймактын чегинде жаратылышты пайдаланууну экологиялык багытта пландаштыруунун негизги багыттарын иштеп чыгуу жана негиздөө боюнча мамлекеттик орган катары биосфералык аймакты түзүүнүн негизги максаты жүзөгө ашырылбаган бойдон калууда.
Колдонуудагы мыйзамга ылайык «Ысык-Көл» биосфералык аймагы ар кандай коргоо жана пайдалануу режимдери бар зоналарга бөлүнөт (24.01.2000-ж., № 40 КРӨТ).
Ядронун зонасы 141022 га аянтты, б.а. жалпы аймактын 3,28%ын ээлейт. Ядронун аймагында ар кандай чарбалык иштерге тыюу салынган.
Буфердик зона 3501516 га аянтты, б.а. жалпы аянттын 81,3%ын ээлейт. Буфердик зонада жаңы конуштарды түзүүгө өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана эксплуатациялоого, өндүрүштүк объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди казып алууга, башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыркууга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн көнүктүрүүгө (акклиматизациялоого), ядронун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экосистемага таасир тийгизүүгө жөндөмдүү башка аракеттерди жасоого тыюу салынат.
Жалпы аянты 688540 га түзгөн өткөөл зона айыл чарба аяттарын жана өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлерди, ошондой эле Ысык-Көл ойдуңундагы буфердик зонага кирбеген калктуу конуштардын, пансионаттардын аймактарын жана калган аймакты камтыйт. Өткөөл зонада аймактын экологиялык жана экономикалык туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуучу экологиялык талаптарды сактоо менен өндүрүш ишинин ар кандай түрлөрүнө жол берилет.
Санация зонасына антропогендик бузулууга дуушар болгон, регенерациялоону жана рекультивациялык чараларды талап кылган аймак (пайдалуу кендер казып алынган жерлер, калдык сактоочу жайлар, автотрассалардын тилкелери, калктуу конуштар, дегредацияланган жерлер, мал айдоочу трассалар жана мал токтоочу аянттар) кирет.
Ар кандай ченемдик укуктук актылар менен белгиленген атайын режимдер бир зонанын аймагында чарбалык иштердин тыюу салынган же уруксат кылынган түрлөрүнүн топтом тизмесинин жоктугунан улам сакталбайт. Мындай тизме мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарды аткарууну камсыз кылып жана жаратылыш ресурстарын пайдалануучуларга карата мыйзамдарды колдонууну жөнөкөйлөштүрөт эле.
Биосфералык аймактын жерлерин жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу режими «Кыргыз Республикасынын биосфералык аймактары жөнүндө» Мыйзамга ылайык сунуш иретинде болуп саналат, бул аталган Мыйзамдын ченемдерин толук аткарууга же жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Жогоруда аталган Мыйзамдын жоболорун четке кагуунун мисалы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 «Чолпон-Ата, Кара-Ой, Боз-Тери курорттук комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кош-Көл, Сары-Ой жана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жана Ысык-Көл облусунун курорттукрекреациялык аймактарын жайгаштырууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому саналат. Бул токтом «Ысык-Көл» биосфералык аймагы жөнүндө жобо менен белгиленген зоналаштырууну эске албайт.
Биосфералык аймакты зоналарга бөлүү экономиканы экологиялык багытта өнүктүрүүгө жетишүү үчүн жетишсиз. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан ишмердиктин түрлөрүнө уруксат берүүнү жана тыюу салууну жөнгө сала турган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Мындай укуктук акт бардык ыйгарым укуктуу органдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануучулар үчүн милдеттүү күчкө ээ болууга тийиш.
Ченемдик укуктук актыларды талдоо жердин табигый тартыштыгынын шартында алардын негизги кемчилиги жерди пайдалануунун, экономиканы жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жерди бөлүү жана трансформациялоонун бирдиктүү системасынын жана таасын регламенттелген практикасынын жоктугунда экендигин көрсөттү. «Ысык-Көл» Биосфералык аймагын түзүү мезгилинде ГТБнын долбоорунун чегинде иштелип чыккан жерди туруктуу пайдалануу боюнча илимий сунуштардын негизинде жерди пайдалануу эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу максатында жаратылышты коргоо, жер, жарандык жана жазык мыйзамдарын терең систем алуу жана функциялык талдоо талап кылынат. Интеграцияланган жана экосистемалык мамиле принциби мындай эрежелердин негизи болуп калууга тийиш.
Институттук базаны өркүндөтүү жаңы инновациялык технологияларды киргизүүнү, илимий-техникалык программаларды жана мыйзамдарды экологиялаштырууну карайт.
Экологиялык инновациялар жаратылышты пайдаланууну минималдаштырууга багытталууга тийиш, бул экономикада эки процессти: бир жагынан жаратылыш ресурстарын керектөөнү, булгануунун көлөмүн кыскартууну же белгилүү турукташтырууну жана экинчи жагынан, технологияларды өркүндөтүүнүн, аз калдыктуу жана ресурс үнөмдөөчү өндүрүштү киргизүүнүн, экинчи жолу колдонулган ресурстарды жана калдыктарды пайдалануунун эсебинен экономикалык көрсөткүчтөрдү өстүрүүнү шайкеш байланыштырат. Ушул эки багыт экономиканы жаратылышты үнөмдөө жана ишмердиктин илимди көп талап кылган түрлөрүнүн пайдасына түп-тамырынан бери түзүмдүк кайра түзүүнү карайт.
Улуттук илимий-техникалык программаларды жана мыйзамды экологиялаштыруу төмөн деңгээлде турат. Экологиялык технологияларды: жаратылышты коргоо ченемдерин, эрежелерди, мыйзам актыларын киргизүү, калдыктарды кыскартууга субсидияларды берүү, салыктык демилге берүү, булгоого укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн стимулдар түзүлгөн эмес. Курчап турган чөйрөнү коргоого багытталган ишкердик жана инновациялык ишти мамлекеттик колдоо жок.
Экотехнологиялар рыногу бүтүндөй республика боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунда дээрлик өнүккөн эмес, анткени, жаратылышты коргоо иштерине мамлекеттик финансылоонун кыскарышы менен жаратылышты коргоо техникасын чыгарган мамлекеттик ишканалар өз ишин дээрлик токтотуп койгон.
Билим берүүнү жана илимий иштерди экологиялаштыруу азырынча дүйнөлүк стандарттарга жооп бербейт. Коомдук аң-сезимде экологияга багытталган жүрүш-туруштун көндүмдүктөрү калыптана элек. Ишканалар продукциянын экологиялык параметрлери дүйнөлүк рынокто фирманын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулата тургандыгын али түшүнө элек.
Негизги көйгөйлөр:
- «Ысык-Көл» Биосфералык аймагынын өзгөчө статусун эске алуу менен жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча колдонуудагы улуттук мыйзамдарда карама-каршылыктардын орун алышы жана интеграцияланган, системалык мамиленин жоктугу;
- колдо бар ченемдик укуктук база экономиканы ресурстарды үнөмдөө жана «таза» технологияларга өтүүгө карай өнүктүрүүгө дем бербейт, жаратылышты пайдалануунун экономикалык натыйжалуу механизмдери жок;
- «Ысык-Көл» Биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын статусунун төмөндүгү;
- Институттук жана адамдык потенциалдын деңгээлинин төмөндүгү.
Максат: «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү.
Алдыга коюлган максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:
- «Ысык-Көл» Биосфералык аймагынын өзгөчө статусун эске алуу менен жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
- Жаратылышты экологиялык багытта пайдалануу максатында жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланышкан иштердин түрлөрүнө уруксат берүүнү жана тыюу салууну регламентациялоо;
- Экономиканы ресурс үнөмдөөгө жана «таза» технологияларга өтүүгө карай өнүктүрүүгө дем берген жаратылышты коргоонун экономикалык механизмдерин киргизүү;
- Жаратылышты коргоонун келечектүү инновациялык технологияларын киргизүү;
- Институттук жана адамдык потенциалды жогорулатуу.
Күтүлгөн натыйжа: «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүгө көмөк көрсөтүүчү институттук системаны түзүү.
Сунуш кылынган Концепция анын катышуучуларынын, ошондой эле бүткүл жүзөгө ашыруу процессинин катышуучуларынын ортосунда өз ара мамилелердин аспекттерине багытталган башкаруу ишинин аспабы болуп саналат. Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бийликтин, коомдун жана бизнестин өнөктөштүгүнө негизделген. Ресурстарды бөлүштүрүү жана артыкчылыктуу багыттарды коррекциялоо жөнүндө чечим Концепцияны жүзөгө ашырууда прогресске мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн натыйжаларын эске алуу менен кабыл алынат.
Бул Концепция 2020-жылга чейинки мезгилге «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын социалдык-экономикалык жана экологиялык өнүктүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Концепциянын жоболору ар бир кийинки 3 жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгып жана бекитиле турган «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү программаларын жүзөгө ашыруу жолу менен жүргүзүлөт.