Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2019-жылдын 30-сентябры № 2019-П-14/50-2-(ПС)
"Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14/54-10-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-14/24-5-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоону жана өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө".
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтом менен бекитилип жаткан "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобонун 2020-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кире турган 51-пунктун жана 98-пунктунун 2-пунктчасын эске албаганда, токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Төлөм уюмдары, төлөм системаларынын операторлору, коммерциялык банктар өз ишин ушул жобонун талаптарына 2020-жылдын 1-январына чейин ылайык келтирсин.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыгулов |