Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-апрели № 19/13
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдыгулов |