Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 2017-П-12/23-5-(НПА)
"Банктарды жоюу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Мыйзамдын 7-беренесинин талабын аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Банктарды жоюу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 24-июнундагы № 26/4 "Жоюу ыкмасында атайы администрлөө жол-жобосун жүзөгө ашырууда коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык абал тууралуу маалымат берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Банктарды өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаментти жана депозиттерди тартуу укугуна ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
Т.Абдыгулов |