Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майы №297
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы жана Фрунзе айылдык округдарынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 9,24 га айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айылдык округунун аймагында жайгашкан Д.Герлингерге - 3,42 га, А.Герлингерге - 3,63 га;
- Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык округунун аймагында жайгашкан С.Усманалиевага - 2,19 га.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну;
ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторунун менчик ээлеринин экологиялык экспертизага курулуш долбоорлорун берүүлөрүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |