Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-35/75-7-(БС)
Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун бекитилген күндөн кийин Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Боконтаев |