Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-12/75-2-(НПА) токтому 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-12/75-2-(НПА)
Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ислам каржылоо принциптери боюнча, анын ичинде "ислам терезеси" аркылуу иш алып барган коммерциялык банктар:
- 2022-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибинин талаптарына ылайык маалыматтык банк системасын автоматташтыруу боюнча иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштасын;
- 2023-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө автоматташтырылган маалыматтык банк системасын жана эсепке алуу саясаттарын Мурабаха операциясын эсепке алуу тартибине ылайык келтирсин.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Боконтаев |