Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майы № 303
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикке төмөнкүлөр өткөрүлүп берилсин:
- Крупская айылындагы бала бакчанын имараты Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнө;
- Беловодск айылындагы "Таң-Нуру" балдар чыгармачылык борборунун имараты Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнө.
2. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 токтомуна "Чүй облусу боюнча жергиликтүү жамааттардын-айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген объекттердин тизмеси" деген № 6 тиркеменин "Москва району" деген бөлүмүнө төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- "Александровка айыл өкмөтү" деген бөлүмчө төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌────────────────────────────────┬────────────┬───────────────────────┐
│Крупская айылындагы бала бакча │ 1 │ 256586 │
│имараты, Набережная көчөсү │ │ │
└────────────────────────────────┴────────────┴───────────────────────┘
";
- "Беловодск айыл өкмөтү" деген бөлүмчө төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌────────────────────────────────┬────────────┬───────────────────────┐
│Беловодск айылындагы "Таң-Нуру" │ 1 │ 123200 │
│балдар чыгармачылык борборунун │ │ │
│имараты, Победа көчөсү, 1 а │ │ │
└────────────────────────────────┴────────────┴───────────────────────┘
".
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин:
- Чүй облусу, Москва району, Крупская айылы дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын имаратын жанындагы аймагы менен Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн;
- Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы дареги боюнча жайгашкан балдар чыгармачылык борборунун имаратын жанындагы аймагы менен Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди каттасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |