Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2022-П-12/19-4-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы - кредит уюмдары тарабынан активдерди классифнкациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө
Өлкөнүн банк системасынын туруктуулугун сактоо максатыпда жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 87-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын томонкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классифнкациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тнешелүү чсгерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтому;
- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классифнкациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому.
2. Кыргыз Республикасында каттоодон откон банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан учурда орун алып турган геосаясий кырдаалдан улам жана тышкы экономикалык таасирлерге байланыштуу алгылыксыз кесепеттерден улам акча агымдары жана карыз алуучулардын финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра каран чыгуу боюнча комиссиялык жана башка төлөмдөр чегерилбесин жана алынбасын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктарды көземөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык тиешелүү түзүмдүк болүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикальж жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ЛЛКты, «Кепилдик фонду» ЛЛКты тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды кезөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыньш мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Боконтаев |
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 31 мартындагы
№2022-П-12-19-4-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлордү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелердин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Бул коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерде (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл апынган чектөө чараларынан улам, ошондой эле азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу сапаты начарлаган же начарлап жаткан активдерди коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялар, кепилдик фонддор жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК (мындан ары - банктар) тарабынан классификациялоонун убактылуу эрежелерин белгилейт.
Бул Убактылуу эрежелердин талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча берилген кредиттерден жана ошондой эле ушул Убактылуу эрежелердин 7-главасында көрсөтүлгөн кредиттерден тышкары, банктардын жаныдан берилген кредиттерине карата таркатылбайт.»;
- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Карыз алуучу (жеке адам же юридикалык жак) бир банктан же банктык топ ичинде бир нече кредит алган учурда, финансылык абалы коронавирус инфекциясынын жайылышынан жана ага байланыштуу мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектоо чараларынан улам, ошондой эле геосаясий жагдайга жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасына байланыштуу начарлаган же начарлап жаткан карыз алуучунун кредитине эң эле темен категория ыйгарылса. банк бардык кредиттер үчүн эң эле төмөн классификациялоо категориясын колдонбоого укуктуу.
Бул учурда банк классификациялоо категориясын ар бир кредитке өз-өзүнчө категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык колдонушу мүмкүн.»;
- 3-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5- пунктундагы төртүнчү пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
«4) күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн азайышы мүмкүндүгү (баалардыи төмөндөшү, валюта курсунун өзгөрүшү) же гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат;»;
- 6-пунктунун төртүнчү абзацьгадагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктунун:
3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жекс ишкердин томондо келтирилгендерди эске албаганда, кайсыл болбосун башка кредити боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтү өткөрүлгөн карызынын болушу:
- ошол банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти толөөгө жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалар боюнча берилген кредиттер;
- коронавирус инфекциясынын жайылышынан же ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер;
- азыркы мезгилдеги геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирлердин терс натыйжасынан улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келин чыккан кредиттер;»;
- 4-пунктчадагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 12-пункту темөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: «Активдерди бешинчи жолу жана андан кийинки реструктуризациялоодо, банк
классификациялоо категориясын кеминде бир категорияга начарлатууга тийиш.»; -төмөнкү мазмундагы 12-1-пункту менен толукталсын:
«12-1. Банктар, эгерде бул актив 2022-жылдын 1-мартынан тартып бир жолу реструктуризацняланган болсо, учурдагы геосаясий жагдайдын таасиринен жана тышкы экономикалык таасирдин терс натыйжасынан улам карыз алуучунун акча агымдарынын жана финансылык абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу активди реструктуризациялоодо (буга чейин реструктуризациялангандыгына карабастан), анын классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.
Жогорудагы активдерди кийинки реструктуризациялоо «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.3-пунктунун шарттарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.»;
- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«13. Реструктуризацняланган (реструктуризациялоо санына карабастан) активдер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыкса, мындай активдер ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген классификациялоо категориясынын белгилерине ылайык классификацияланат »
- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«14. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптарына ылайык реструктуризацияланган активди классификациялоо категориясы (Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 7.6-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы №2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активлерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун 14-пунктунун шарттарына ылайык жакшыртылышы мүмкүн.»;
- төмөнкү мазмундагы 7-глава менен толукталсын: «7-глава. Жаңыдан берилген кредиттерге кошумча талаптар
18. Пайыздык чени Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында жол берилген пайыздык ченден ашык өлчөмдө белгиленген жаңыдан берилген кредиттер Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификаииясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.
19. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекетгердин валютасынан тышкары) жацыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы колөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «байкоого алынган» актив катары классификациялоого тийиш.
Ошондой эле эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекетгердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы коломүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкини түзсө, банк 15% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эн аз дегенде «байкоого алынган» актив катары класенфикациялоого тийиш.
20. Эгерде чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) жаңыдан берилген кредитти алган карыз алуучунун чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчо болгон мамлекетгердин валютасынан тышкары) кирешесинин үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө. банк 25% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен бул кредитти эң аз дегенде «субстандарттык» актив катары классификациялоого тийиш.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21 -июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 4.1.1-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгон талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар Кыргыз бликасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнун кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүруү фондусу, мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттергн, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилет кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүлүшүн караган кредиттерге да таркатылат»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-марты № 2022-П-12/19-4-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы - кредит уюмдары тарабынан активдерди классифнкациялоо боюнча кошумча убактылуу чечимдери жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн банк системасынын туруктуулугун сактоо максатыпда жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 68 жана 87-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын томонкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классифнкациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтому.
2. Кыргыз Республикасында каттоодон откон банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан учурда орун алып турган геосаясий кырдаалдан улам жана тышкы экономикалык таасирлерге байланыштуу алгылыксыз кесепеттерден улам акча агымдары жана карыз алуучулардын финансылык абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра каран чыгуу боюнча комиссиялык жана башка төлөмдөр чегерилбесин жана алынбасын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Банктарды көземөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Улуттук банктын бардык тиешелүү түзүмдүк болүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикальж жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ЛЛКты, «Кепилдик фонду» ЛЛКты тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды кезөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыньш мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Боконтаев |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 2022-П-12/60-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21 -июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:
- 4.1.1-пунктчасынын он жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгон талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0 пайыздан 2 пайызга чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар Кыргыз бликасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнун кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүруү фондусу, мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттергн, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилет кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөрүлүшүн