Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майы №302
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан 12,04 га сугат айдоону Кыргыз Республикасынын жарандары Жумалиева Эльмира Бусурманкуловнага 7,74 га жана Усакбаев Акылбек Аскарбековичке - 4,3 га жеке менчик укугунда таандык жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |