Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-майындагы № 305
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, курулуш материалдарынын өнөржайлык өндүрүшүн өнүктүрүүгө тике инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык округунун аймагында жайгашкан 4,5 га кайрак жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторду белгиленген тартипте берүүдө «Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн;
кен иштетүү боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди кайра культивациялоо боюнча ишчаралардын жүргүзүлүшүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |