Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-майы № 304

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 167 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 167 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Премьер-министр

И.Чудинов