Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2016-жылдын 5-январы № 1
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-майы №310
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоо киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Жер участокторду берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун тартибин белгилөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
! - аталышында жана биринчи пунктунда:
ар түрдүү жөндөмөдөгү «убактылуу» деген сөз алып салынсын;
«алып коюуга» деген сөздөр «берүүгө» деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пункттагы «уюмдар, ишканалар жана башка чарбакер субъекттер Жер участокторун пайдалануу укугуна документтер берилгенге чейин» деген сөздөр «жер участок алуучу жеке жана юридикалык жактарга жер участокко укуктарды ырастоочу документтер берилгенге чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункт төменкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Алынбай калган пайданын орду жаңы жер пайдалануучулар жана мурдагы менчик ээлеринин эсебинен бир жылга: 1 гектар сугат айдоодон .3760 сом. кайрак айдоодон - 610 сом, чабындылардан - 350, жайыттардан -90 сом өлчөмүндо компенсацияланаары белгиленсин.»;
4-пунктагы «бирок тийиштүү түрдө 99 жана 25 жылдан ашык эмес» Деген сөздөр «ал эми мөөнөтсүз пайдаланууга же жеке менчикке берүүдө ^ жана 25 жылга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктагы «Жер жайгаштыруу жана жер ресурстары» деген сөздөр «Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо» деген сездөргө алмаштырылсын;
-төмөнкудөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
«5-1. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары темөнкү учурларда толтурулбайт:
айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана кургатуу үчүн арналган мелиорациялык системаларды курууга жер участок берүүдө;
көлмө жана көл балык чарбасын, балык питомниктерин, урук таштоочу-өстүрүүчү чарба жана балык заводун куруу үчүн жер участок (айдоо аянттарын жана көп жылдык есүмдүктөр баскан жерлерди, жайыт жана чабынды участокторду кошпогондо) берүүдө;
жеке турак үй, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемесин, дарылоо уюмдарын, дене тарбия жана спорт, маданият жана искусство чөйрөсүнүн объекттерин куруу үчүн жер участок берүүдө;
жаратылыш коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы (мергенчилик чарбаларды, жаратылыш эстеликтерин, археологиялык жана маданий-архитектуралык, күмбөздөрдү кошпогондо коруктар, жаратылыш, мемориалдык, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык бактар, заказниктер) оъекттер үчүн жер берүүдө;
үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйбалык-селекциялык, эксперименттик айыл чарба объекттерин, мал өстүрүүчү фермаларды, кошараларды, чабан үйлөрүн куруу үчүн жер участок берүүдө.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдеринде:
аталышында:
«убактылуу» деген сөз алып салынсын;
«алып коюуга» деген сөздөр «берүүгө» деген сөзгө алмаштырылсын;
«Жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу жер участокторду алып коюу же аларды убактылуу ээлөө менен келтирилген зыяндын жана айыл чарба жана токой чарба ендүрүшүнүн жоготууларынын ордун жер ээлерине жана жер пайдалануучуларга толтуруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргызстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 26-июлундагы № 371 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | 'И.Чудинов |