Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы №315-б
Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лаборатория куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө
Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына коопсуздуктун үчүнчү классындагы (BSL-3) биологиялык лаборатория куруу үчүн Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү,1-а дареги боюнча жайгашкан аянты 4,0 га жер участогу белгиленген тартипте бөлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте коопсуздуктун үчүнчү классындагы (BSL-3) биологиялык лабораториясына берилүүчү жер участогунун бөлүгүн кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине бөлсүн жана андан ары жер участогуна укукту ырастоочу документтерди тариздеп жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырсын.
3. Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лабораториянын курулушу боюнча коомдук негизде координатор болуп А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору Нургазиев Рысбек Зарылдыкович дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |