Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-майы № 321
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоорло-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-берене) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "гранттардын" деген сөз "трансферттердин"деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:
"5-1-берене. Бюджеттер аралык мамилелер принциптери
Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделет:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар бир бюджети үчүн кирешелерди бөлүштүрүү жана бекемдөө;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сарптоого ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде чектөө;
- бюджеттер ортосунда жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди бөлүштүрүү нормативдерин туруктуу же узак мөөнөттүү негизинде аныктоо;
- жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыздалуу деңгээлдерин теңдөө;
- сарптоого ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү же кошумча чыгымдарды тала кылган же бюджеттердин кирешелерин жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу.".
3. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6-берене. Бюджеттер аралык мамилелер
1. Бюджеттер аралык мамилелер бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы, ошондой эле бюджеттик процессти уюштуруу жана ишке ашыруудагы мамилелер жыйындысы болуп саналат.
2. Республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттин ортосундагы өз ара мамилелер ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Киреше булактарынын бекитилген айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен башкасына өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
4. Республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттин ортосундагы өз ара мамилелер жалпы мамлекеттик кирешелерден жана трансферттерден чегерүүлөрдүн нормативдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат.
Трансферттер системасына төмөнкүлөр кирет:
- теңдөөчү гранттар;
- дем берүүчү гранттар;
- категориалдык гранттар;
- бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар;
- бюджеттик ссудалар.".
4. 15-беренеде:
- алтынчы бөлүгү "ишканаларга жана мекемелерге" деген сөздөрдөн кийин ", бир деңгээлдеги бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Эгер республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын аягына чейин тындырылбаса, тындырылбаган ссуда жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджетке өндүрүп алынат.
Жергиликтүү бюджеттен ссудаларды берүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү келишимдери жана нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
- тогузунчу бөлүк алып салынсын.
5. III бөлүмдүн аталышындагы "гранттар" деген сөз "трансферттер" деген сөз менен алмаштырылсын.
6. 35-беренеде:
- берененин аталышындагы "категориалдык, теңдештирүүчү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" деген сөздөр "трансферттер" деген сез менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
-"Бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык өткөрүп берилет.
Бюджеттик ссудалар - кайтарымдуу, мөөнөттүү жана процентсиз негизде башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын чегинде он эки айга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык берилет.".
7. 36-берененин аталышында жана тексти боюнча "гранттар" деген сөз "трансферттер" деген сез менен алмаштырылсын.
8. 37-берененин биринчи бөлүгүнүн 2-пунктундагы "гранттар" деген сөз "трансферттер" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-жыл, № 2, 65-берене) төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-берене:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7-берене. Трансферттер жана ыктыярдуу төгүмдөр";
- 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бир бюджеттен башка бюджетке өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттар:".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|