Редакцияот 28.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-ноябры № 537

2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 3 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууну даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова