Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 17
2018-жылдын 28-январында дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр тиркемеге ылайык аккредитациялансын:
1) Шарлотт Адриаэн, Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн өнүгүү боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2) Буссаид Фатима, Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн долбоорлордун менеджери.
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-январындагы № 17 токтомунун тиркемеси |
Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнөн аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 03 | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү | Шарлотт Адриаен | Бельгия Королдугу | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өнүгүү боюнча бөлүмүнүн башчысы |
2 | 04 | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү | Буссаид Фатима | Бельгия Королдугу | Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн долбоорлордун менеджери |