Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы № 57 «Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 80
Кабыл алынган
2018-жылдын 16-апрели
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
www.shailoo.gov.kg · 2018-жылдын 16-апрели
Реестрде
2018-жылдын 19-апрели

Реестрде

Минюст коду
81119

Минюсттун расмий барагы

Категория

ВыборыВыборы глав местного самоуправленияМестное самоуправление

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция16.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-марты № 57

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 5-мартындагы № 47-б буйругу менен Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Белекбай, Куршаб айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-февралындагы № 49 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 16-мартындагы № 12 буйругу менен Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Калыбеков Суюндук Сеитпекович өз арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 6-апрелине дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.