Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-октябры № 185
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 180 токтому менен 2018-жылдын 12-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин, Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын. Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Каракол шаарынын мэрин 2018-жылдын 12-октябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын шайланган мэри болуп Каниметов Адыл Жанкорозович табылсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 12-октябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылдын 15-октябрындагы шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кочоров Эсенгелди Мукамбетович табылсын.
3. Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|