КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 2368-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктун, 85-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктун, 131-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтүлбөсүн.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |