КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 2007-VI
"2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-сентябрындагы № 620 токтому) "2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |