Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 2008-VI
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев жана Ж.К.Акаев демилгелеген "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |