Редакцияот 23.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 23-ноябры № 2018-VI

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, Н.К.Алимбеков, А.А.Шадиев, А.Ү.Жапаров, A.M.Нурбаев, Б.Ү.Сыдыков, Т.У.Шайназаров, А.Н.Шыкмаматов, И.А.Пирматов, Т.К.Конушбаев, К.С.Нурматов, С.А.Айдаров, Р.А.Казакбаев, И.И.Матраимов, Т.А.Масабиров, С.М.Жураев жана Ж.А.Калмаматов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков