КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 2027-VI
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-сентябрындагы № 622 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин кирешелери 51086887,9 миң сом жалпы суммасында, 2019-жылга божомол - 53207078,7 миң сом суммасында, 2020-жылга - 55545878,8 миң сом суммасында;
- Социалдык фонддун 2018-жылга бюджетинин чыгашалары 49850035,3 миң сом жалпы суммасында, 2019-жылга божомол - 52619595,1 миң сом суммасында, 2020-жылга - 55305182,3 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин таңкыстыгы 1236852,6 миң сом суммасында, 2019-жылга божомол - 587483,6 миң сом суммасында, 2020-жылга - 240696,5 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо көрсөтүү, учурдагы төлөмдөрдү өз мезгилинде төлөөлөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын ордунун толук жабылышына алардын кызыкдарлыгына дем берүүнү камсыздоо максатында "Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мезгилинде эмес жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн чегерилген финансылык санкцияларды жана туумдарды жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |