Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 2058-VI
Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоого карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн даярдыгы тууралуу
2006-жылдын 13-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоого карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн даярдыгы максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдерин талдоого алсын жана БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын;
- коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө майыптарды дискриминациялоону четтетүүгө жана өлкөнүн шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдөрдү түзүүгө багытталган "Жеткиликтүү өлкө" программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо процессин 2018-жылдан тартып баштасын;
- майыптардын жолдорго, тротуарларга, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, билим берүү жана саламаттык сактоо органдарынын, транспорт жана байланыш мекемелеринин имараттарына, светофорлорго, жөө жүрүүчүлөр өткөрмөлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле бала бакчаларда, мектептерде жана башка окуу жайларында майып адамдарды окутууда инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн каражаттарды 2019-жылга республикалык бюджеттин долбооруна киргизсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча, Бюджет жана финансы боюнча, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2018-жылдын 1-ноябрына карата маалымат берсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |