Редакцияот 13.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 13-декабры № 2090-VI

К.К.Кулматовду Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кулматов Кубанычбек Кеңешовичтин арызын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кулматов Кубанычбек Кеңешович 2017-жылдын 11-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков