Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 2098-VI
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3194-VI, 2020-жылдын 11-мартындагы № 3622-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
Барыктабасова Эльмира Бектургановна;
Түменов Алтынбек Жаңыбаевич;
Абдырашитов Тилек Арстанбекович;
Калбаев Алмаз Тургуналиевич;
Камчыбеков Шералы Равшанбекович;
Кошокова Гульжана Жарматовна;
Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;
Тентимишов Марлэн Бактыгулович;
Сопубекова Назира Толоновна.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3194-VI, 2020-жылдын 11-мартындагы № 3622-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |