Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 2099-VI
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султанов Кылычбек Камчыевичтин жана Өмүрканов Анатайдын жеке өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Керимбаев Жылдызбек Сулайманкулович жана Караман Сыягүл Абдимуталиповна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттагы бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Караман Сыягүл Абдимуталиповна
4. Керимбаев Жылдызбек Сулайманкулович".
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| A.Кодуранова |