Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 2137-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, Н.К.Алимбеков, А.А.Шадиев, А.Ү.Жапаров, А.М.Нурбаев, Б.Ү.Сыдыков, Т.У.Шайназаров, А.Н.Шыкмаматов, И.А.Пирматов, Т.К.Конушбаев, К.С.Нурматов, С.А.Айдаров, Р.А.Казакбаев, И.И.Матраимов, Т.А.Масабиров, С.М.Жураев, М.Э.Мавлянова жана Ж.А.Калмаматов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети жазуу жүзүндө кабыл алынган жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |