Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 2163-VI
"2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө
"2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |