Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-марты № 2290-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен макулдашуу тобунун теңтөрагасы;
Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинен макулдашуу тобунун теңтөрагасы;
Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, макулдашуу тобунун мүчөсү;
Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, макулдашуу тобунун мүчөсү.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын жана салыштырма таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |