Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-марты № 2313-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын төмөнкүдөй талапкерликтерин киргизсин:
Айдаров Салайдин Абдираевич - "Кыргызстан" фракциясынан;
Бекешев Дастан Далабайевич - "КСДП" фракциясынан;
Гайпкулов Искандер Торобаевич - "Ата Мекен" фракциясынан;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - "Бир Бол" фракциясынан;
Тулендыбаев Пархат Розымович - "Республика - Ата-Журт" фракциясынан;
Юсуров Абдумажит Лелезович - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан;
- тендердик комиссиянын белгиленген тартипте иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |