Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 2367-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө;
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |