Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 2369-VI
Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарындагы өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өрттөн жабыр тарткандардын өкүлдөрүн комиссиянын курамына киргизүү менен Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттөн улам келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия түзсүн;
- 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ишкердик субъектилерине келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону жана аныктоону жүргүзсүн;
- жабыр тарткан ишкердик субъектилеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун;
- карыздын суммасына пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасына туумдарды кошуп эсептебей туруп жабыр тарткан ишкердик субъектилеринин салыктык карыздарын төлөө мөөнөтүн узартсын;
- камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын суммаларынын мөөнөтүн узартсын;
- өрттөн жабыр тарткан ишкердик субъектилерин колдоо үчүн каражат издеп тапсын;
- республиканын бардык соода-оюн-зоок борборлорунда, соода-базар комплекстеринде өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын толук көлөмүндө текшерүүнү камсыз кылсын;
- "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин карасын;
- өрттүн чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-өрт-техникалык экспертиза жүргүзүүнү тездетсин;
- соода-базар комплекстеринин аймактарында болгон соода точкаларын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелесин;
- соода-базар комплекстеринин аймактарына видео-байкоолорду орнотууга милдеттендирген мыйзам долбоорун демилгелесин;
- өрт коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өзгөчө кырдаалдарды жоюу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- финансы-кредиттик уюмдар менен (банктар жана КЭФУ) бирдикте карыздарды төлөө боюнча алты айдан кем эмес мөөнөтүн узартуу/жеңилдетилген мезгил берүү, алты айга чейинки мезгилде пайыздарды кошуп эсептебөө, жазапулдарды/туумдарды кошуп эсептебөө, кийин кредиттерди жоюу мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жолу менен жабыр тарткан зайымчылардын кредиттердин реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексиндеги жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы өрттүн фактылары боюнча козголгон жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүн контролго алсын.
4. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Бишкек шаарынын "Ош базары" соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарын өрттүн кесепетинен тазалоону тездетсин;
- өрттөн жабыр тарткан ишкерлерге убактылуу соода орундарын бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
5. Бишкек шаардык кеңешке төмөнкү сунушталсын:
- "Тышкы видео-байкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин аткаруу боюнча ченемдик укуктук акт кабыл алсын.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык органдар ушул токтомдо каралган тиешелүү тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |