Редакцияот 25.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-апрели № 2381-VI

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына Асанова Алтын Асановна киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Асанова Алтын Асановна".

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Кодуранова